Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет


Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.
Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.

Министрлер кабинетинин жыйынында эттин баасына көзөмөл киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги кабарлады.

"Көзөмөлдүн максаты эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспорттоого сандык чектөө киргизүү болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана талдоо жүргүзүп туруу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлдү. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлерге ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчиликке каршы күрөшүү жаатында тапшырмалар коюлду",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда эттин баасы быйыл кымбаттап кетти. Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, кой этиники 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. Базарларда, соода жайларда мындан дагы кымбат сатылып жатканы айтылган.

Ушул жылдын башынан тартып өкмөт мал-жандыкты үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде бодо малды экспорттоого тыюу салган.

Кыргызстан 2024-жылы Өзбекстанга 130 миңден ашуун бодо мал, миңден ашуун жылкы, 233 миң кой-эчки экспорттогон.

Быйылкы жылдын башынан бери бодо мал, жылкы жана үй канаттууларын Орусиядан импорттоо көрсөткүчү беш эседен 10 эсеге чейин өскөнү кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG