Эгер ал кабыл алынса, патент менен иштеген мигранттар такси айдоо укугунан ажыратылат. Мунун зыяны негизинен өзбекстандыктарга жана тажикстандыктарга тиет.
Патенттин негизинде эмгектенген мигранттар мындан ары таксиде эмес, ижарага алынган унаада да иштей албайт. Бул тыюу Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын жарандарына тиешелүү эмес, анткени алар патентсиз иштешет. Өзбекстандыктар менен тажикстандыктар патент алышы керек.
"Санкт-Петербургда "мигранттар такси айдабасын" деген жаңы чечим чыгыптыр. Менин бул шаарга келгениме алты ай болду. Башында эмне кыларымды билбей тентип жүрдүм, анан таксиге жумушка орноштум. Шаарды жакшы билбей, эми гана үйрөнгөнүмдө таксиде иштегенге тыюу салышты. Менин бул жакта “кел, бул жумушта иште” дей турган таанышым жок. Тыюу салган чечимдерди чыгаргандар бизге башка жумуш сунушташат бекен? Эгер мен Өзбекстанга кайтып кетсем үйдө бекер отурушум керек”, - дейт анжияндык 27 жаштагы Мирзохид.
Ага окшогон ондогон, балким жүздөгөн мигрантты жумушсуз калтырган чектөө 28-июлда Санкт-Петербургдун губернатору кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылып жатат. Маалымат каражаттары жарлык 2025-жылдын аягына чейин күчүндө болорун жазышты.
Чектөө боюнча талкуу быйыл май айында башталган. Жергиликтүү бийлик анын максаты - такси кызматынын сапатын жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо экенин белгилейт.
Документ кол коюлгандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, бул аралыкта мигранттар өз ишмердигин расмий түрдө токтотушу керек. Ал эми иш берүүчүлөр үч айдын ичинде мигрант айдоочулар менен эмгек келишимин токтотууга тийиш.
“Верстка” басылмасы январда Орусиянын 47 регионунда жана Украинанын аннексияланган Крым, Запорожье облусунун убактылуу оккупацияланган райондорунда мигранттарды ишке алууга тыюу салынганын жана чектөө киргизилгенин жазган.
Алсак, Краснодар крайында экономикалык ишмердик жүргүзүүгө патент берилбейт, Тверь облусунда мигранттарга аскердик-өнөр жай комплексинде, өнөр жай тармагында иштөөгө болбойт.
47 региондо эмгек мигранттарына таксиде жана коомдук транспортто, 39 аймакта соодада, 27синде билим берүү жана 19 облуста медицина чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салынды. Айрым тармактарда кара жумушка же ишкана, кеңсе жыйнагандарды ишке алууга жол берилет.
Ал тапта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Регионалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Михаил Матвеев "Абзац" басылмасына курган маегинде чектөөлөр бүткүл Орусияда ишке ашырылышы керектигин билдирди.
"Негизги максат - коопсуздукту камсыз кылуу. Бирок Орусиянын жарандыгын алгандар жана Евразия экономикалык биримдигине кирген Кыргызстан, Казакстан жана Армения жарандары мындай чектөөгө кабылбайт. Бул чектөө патент менен иштеген Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандарына гана таандык болот”, - деген Матвеев. Бирок коопсуздук дегенде эмнени айтып жатканын тактаган эмес.
Экономист Николай Кульбака “Настоящее Время” телеканалына бул жаатта пикир билдиргенде, мындай чаралар такси жана жеткирүү кызматтарынын кымбатташына, ошондой эле жалпы экономикалык чөйрөгө таасир этиши мүмкүн экенин белгилеген:
“Учурда Орусияда жумушсуздуктун деңгээли 2-3% тегерегинде, бул минималдуу көрсөткүчтөрдүн бири жана экономиканын туруктуу иштеши үчүн жетишсиз. Экономикада “табигый жумушсуздук даражасы” деген түшүнүк бар, ал көрсөткүч 3,5–4,5% түзөт. Демек, өлкөдө жумушчу күчкө муктаждык абдан чоң. Албетте, бул көрсөткүч аймактарга жана тармактарга жараша өзгөрүп турат. Мисалы, таксиде иштегендердин 70–80% мигранттар. Алардын саны азайса кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү да азайып, натыйжада такси баасы көтөрүлөт. Бул бүгүнкү күндө чечүүнү талап кылган олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн”.
Орусияда такси айдоочуларынын таңкыстыгы 130 миң кишиге барабар экендигин Yandex Go компаниясынын мамлекеттик органдар менен иштөө боюнча директору Антон Петраков былтыр Чыгыш экономикалык форумунда айткан. Анын сөзүнө караганда, буга миграциялык саясаттын жана такси тармагындагы тартиптин катаалдашы себеп болууда. Ал ошондой эле айдоочулардын жетишсиздиги такси баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип жатканын да белгилеген.
Таксиге байланыштуу чектөөлөр өзбек мигранттарынын арасында тынчсызданууларды күчөттү. Анүстүнө бул абал Ташкент менен Москва миграциялык көйгөйлөрдү биргелешип чечип жатат деген расмий билдирүүлөрдүн артынан болууда.
19-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия менен Өзбекстан миграция маселесин бирге чече турганын билдирген. 29-июнда Өзбекстандын президентинин тун кызы, президенттик администрациянын башчысы Саида Мирзиёева Москвада премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугуп, патент алуу процессинин бир бөлүгүн Өзбекстанда жүргүзүүнү сунуштаган.
11-июнда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Акмал Бурханов учурда Орусияда иштеп жүргөн өзбектердин саны бир миллионго жетпей турганын, 7-8 жыл мурун бул көрсөткүч 5-6 миллиондун тегерегинде болгонунн айткан. Бурханов өзбек өкмөтү жарандарды башка өлкөлөргө, негизинен Европага жумушка жөнөтүү аракетин көрүп жатканын, бир катар мамлекеттер менен келишимдер түзүлгөнүн белгилеген.
2024-жылы Москвадагы Крокус Сити Холлдо кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга терс мамиле күчөгөн. Бул кол салууга тиешеси бар деген шек менен тажикстандыктар кармалган эле.
Соңку бир жыл ичинде Орусияда мигранттарга шартты катаалдаткан бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Ошол эле учурда милиция, укук коргоо органдарынын кысымы күчөдү. Кремль муну “мыйзамсыз миграцияга каршы жасалган рейд” катары сыпаттайт.
Быйыл 5-февралда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүктөрдү айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.
Адегенде апрелдин соңуна чейин документтерин мыйзамдаштыруу талабы коюлуп, бул мөөнөт кийин сентябрга чейин узартылган. Мыйзамсыз жүрөт деп эсептелген жүз миңдеген мигранттын банк карталары бөгөттөлгөн.
Документтерин мыйзамдаштырууга берилген мөөнөт жакындаган сайын миграциялык борборлордо, полиция бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда. Мигранттар “кара тизмеден” чыгуунун машакаты оңой-олтоң болбой жатканына даттанып, тоскоолдуктар тууралуу айтып жатышат.
Шерине