Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди. Атайын кызмат Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миңден ашык студент окуудан чыгарылганын билдирди. Эксперттер муну “жел эсептеги” студенттерге каршы күрөш десе, университет жетекчилиги мындай "тазалоо" жыл сайын эле жүрүп келатканын айтууда. Суучул Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медал утту. Бул Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге эсептелет.
Борбор Азия
Бишкектеги ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат? Адистер бакты реконстукциялоодо анын уникалдуулугун сактоо жагына көбүрөөк басып жасалса деп үмүттөнүшөт. Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган. Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун адвокаты райондук сотунун чечимине даттанып, шаардык сотко кайрыларын билдирди. Биринчи май райондук соту Ташовду 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кескен эле.