Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Батыштын 15 өлкөсү палестин мамлекетин таанууга үндөдү


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Франция баштаган Батыштын 15 өлкөсү биргелешкен билдирүү таратып, палестин мамлекетин таанууга үндөштү.

Нью-Йоркто өткөн палестин-израил жаңжалы боюнча конференциянын соңунда кабыл алынган билдирүүгө тышкы иштер министрлери кол койду. 29-июлдагы билдирүүнүн текстин Франциянын башкы дипломаты Жан-Ноэль Барро жарыялады.

Өткөн аптада француз президенти Эммануэл Макрон Париж сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын жарыялаган. Мындай чечимди Израил жана АКШ сындаганы менен бир катар мамлекеттер колдоосун билдирген.

29-июлда Британиянын премьер-министри Кир Стармер Газада ок атышуу токтобосо Лондон дагы палестин мамлекетин сентябрда расмий тааный турганын айтты.

Нью-Йорктогу биргелешкен билдирүүгө Финляндия, Ирландия, Испания, Португалия, Люксембург, Словения, Мальта, Андорра, Сан-Марино, Норвегия, Исландия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия кошулуп, ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге куралдуу кол салуусун айыптап, барымтадагыларды бошотууга чакырды.

Билдирүүгө кол койгон министрлер Газа тилкесинде Израил аскердик операциясынан улам гуманитардык кырдаал кыйын экенин белгилеп, согушту токтотууга үндөдү. Алар ошондой эле Газанын "келечектеги моделин" түзүүнүн, анын ичинде ХАМАС тобунун толук куралсыздануусуна жана тилкени башкаруудан четтетүүнүн үстүндө иштөөгө даярдыгын билдирди. Документте Палестин автономиясынын учурдагы бийлиги бир катар милдеттемелерди, анын ичинде келечектеги палестин мамлекетинде шайлоолорду өткөрүп жана демилитаризациялоо жоопкерчилигин мойнуна алганы камтылган.

Палестин мамлекетин ушу тапта БУУнун 193 мүчөсүнүн 140тан ашууну тааныган. Арасында ири державалардан Орусия жана Кытай, Еврошаркеттин Испания, Польша өңдүү өлкөлөрү бар. Кыргызстан палестин мамлекетин 1995-жылы таанып, ошол жылы эле дипломатиялык алака түзгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG