Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Өкмөт Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион сом бөлдү


Улуттук онкология борборунун операция жасалуучу жайы.
Улуттук онкология борборунун операция жасалуучу жайы.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Бишкектеги Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион 141 миң сом бөлүндү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-июлда кол койду.

"Мындай чечим бейтаптарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды",-деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Буга чейин аталган борбордун абалы, шарты, медициналык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу бир топ сын-доомат, нааразылык айтылып келген.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги былтыр Кыргызстанда рак оорусу 6651 миң адамдан жаңы аныкталганын жана бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 8,9% көп экенин билдирген.

Бейтаптардын теңине жакыны дарыгерлерге кеч кайрылган жана алардын арасынан 40% көбү бир жылдын ичинде көз жумган. Жалпысынан бул оору менен беш жыл жашагандардын көрсөткүчү 34,2% түзөрүн маалымдаган.

Аталган министрлик 29-июлда онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана келечегине арналган жыйын өткөргөн жана министр Эркин Чечейбаев бул тармак жакынкы жылдары олуттуу реформа болорун жарыялаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкология илдеттери аныкталат. Эркектер арасында ашказандын, ал эми аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залал шишигине чалдыккандар басымдуулук кылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG