Орус армиясынын 31-июлга караган түнү Киев шаарына жасаган чабуулунан 13 киши набыт болду, арысында бир бала бар. 120дан ашуун адам жабыркады, ондогон тургун ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.
1-августта Киевде аза күтүү күнү жарыяланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялады жана алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар", - деп жазды.
Мунун алдында Киев бейшембиге оогон түнү дрондор менен дагы аткыланганы кабарланган. Украинанын көпчүлүк аймактарында түндө айгай салынып, тургундарга эскертүү берилди.
Ага чейин абадан коргоо күчтөрү көп сандаган "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул жасалганы жатканын маалымдаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев шаары бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген жок.
Шерине