Британ өкмөт башчысы Кир Стармер Израилдин бийлиги "Газа тилкесиндеги үрөй учурган абалга чекит коюу үчүн олуттуу кадам жасабаса" сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында палестин мамлекетин тааный турганын билдирди. Премьер АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагыларды бошотууга тийиш деп белгиледи:
"2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин тарыхындагы эң ири кыргынды уюштурган. Ошондон бери үрөй учурган окуялар уланууда. Барымтадагылар дагы эле туткунда отурат. Палестин эли адам чыдагыс азап чегүүдө. Эми Газада гуманитардык жардам азайып, ачка калган ымыркайларды, алы кетип, бутуна тура албаган балдарды көрүп жатабыз. Бул кадрлар өмүр бою көз алдыбыздан кетпейт. Азап чегүү токтошу керек".
Газа ачарчылык коркунучуна туш болууда деген коңгуроо каккан билдирүүлөр көбөйгөн сайын премьердин партиялаш депутаттары Израилге кысым көргөзүү үчүн палестин мамлекетин таанууну талап кылып келатат.
Британия жана европалык башка өлкөлөр тынчтык планын иштеп чыгып, анклавга гуманитардык жардам жеткирүү жолдорун талкуулап жатышат.
Израил британ премьеринин билдирүүсүн четке какты. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху Лондондун планы ХАМАСтын чырагына май тамызат деп Х социалдык тармагына жазды:
"Стармер ХАМАСтын коркунучтуу террорчулугуна шыкак берип жана андан жабыркагандарды жазалап жатат. Бүгүн Израил менен чек арадагы жихадчы мамлекет эртең Британияга коркунуч жаратат".
Бир нече күн мурун Париж сентябрда палестин мамлекетин тааный турганын жарыялаган.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды эки мамлекет түзүү жолу менен чечүү маселеси Франция жана Сауд Арабия төрагалык кылган БУУдагы эл аралык конференцияда талкууланып жатат. Жыйынга 120 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.
Шейшембиде Азык-түлүк коопсуздугуна байкоо салган платформа Газада “тоё тамактанбаган, ачка калган, ооруларга чалдыккан” адамдардын саны кескин көбөйгөнү тууралуу доклад чыгарган.
21 уюмдун башын бириктирген платформанын эксперттери чогулткан маалыматка караганда, тилкенин ар үчүнчү тургуну бир нече күн бою азыксыз калууда. Апрелден бери тоё тамактанбаган 20 миңден көп бала ооруканаларга жатып чыкты. Июлдун ортосунан бери 5 жашка чейинки кеминде 16 наристе ачкадан чарчап калды.
29-июлда Газадагы гуманитардык абалга тынчсызданган израилдиктердин чакан тобу АКШнын Тель-Авивдеги элчилиги алдына чогулду. Алар ачкадан өлгөн газалык балдардын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.
Ошол эле маалда ачарчылыкты танган израилдиктер да жок эмес.
Израилдин жетекчилиги анклавда ачарчылыкка жол берилбегенин, согуш башталгандан бери ал жактын эли гуманитардык жардам менен камсыз болуп келатканын айтууда.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Газадагы абал “оор” экенин моюнга алып, бирок ачарчылык тууралуу маалымат калп деп билдирди.
Ал арада бир сындырым нанга зар болгон газалыктар күнүгө гуманитардык жардам таратылган жерлерге топтолуп жатат:
"Салмагым мурда 117 килограмм болсо, бүгүн 57 болуп калды. Жаратканга гана ишенем. Бардык өлкөлөрдөн бизге тамак жөнөткүлө деп суранабыз. Бул жумадан эптеп чыктык, эмки жумага чейин аман каларыбызды билбейбиз. Шекер, эч нерсе жок. Эч нерсе сатып ала албай жатабыз", - деп айтып берди Рейтер агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургун Абу ал-Абед Шамбари.
Израил жекшембинин кечинен тартып кечки азык-түлүк жана дары-дармек ташыган кербендер үчүн коопсуз коридор ачып, тилкенин үч жеринде белгилүү бир сааттарда согуштук аракеттерди убактылуу токтотуп турарын жарыялаган.
ХАМАС радикал тобуна каршы уруш 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Ага жоочулардын Израилдин аймагын аткылап, бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 чакты кишини барымтага алганы себеп болгон. Радикал топ көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо мекемеси ошондон бери 60 миңден ашуун киши каза тапканын билдирди.
30-июлдагы соңку маалыматка караганда, Франция баштаган Батыштын 15 өлкөсү биргелешкен билдирүү таратып, Палестин мамлекетин таанууга үндөштү.
Нью-Йоркто өткөн палестин-израил жаңжалы боюнча конференциянын соңунда кабыл алынган билдирүүгө тышкы иштер министрлери кол койду. Билдирүүнүн текстин Франциянын башкы дипломаты Жан-Ноэль Барро жарыялады.
Биргелешкен билдирүүгө Финляндия, Ирландия, Испания, Португалия, Люксембург, Словения, Мальта, Андорра, Сан-Марино, Норвегия, Исландия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия кошулуп, ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун 2023-жылдын 7-октябрындагы куралдуу кол салуусун айыптап, барымтадагыларды бошотууга чакырды.
Билдирүүгө кол койгон министрлер Газа тилкесинде Израил аскердик операциясын баштагандан гуманитардык кырдаал кыйын экенин белгилеп, согушту токтотууга үндөдү. Алар ошондой эле Газанын "келечектеги моделин" түзүүнүн, анын ичинде ХАМАС тобунун толук куралсыздануусуна жана тилкени башкаруудан четтетүүнүн үстүндө иштөөгө даярдыгын билдирди. Документте Палестин автономиясынын учурдагы бийлиги бир катар милдеттемелерди, анын ичинде келечектеги Палестин мамлекетинде шайлоолорду өткөрүп жана демилитаризациялоо жоопкерчилигин мойнуна алганы камтылган.
Палестин мамлекетин ушу тапта БУУнун 193 мүчөсүнүн 140тан ашууну тааныган. Арасында ири державалардан Орусия жана Кытай, Еврошаркеттин Испания, Польша өңдүү өлкөлөрү бар. Кыргызстан палестин мамлекетин 1995-жылы таанып, ошол жылы эле дипломатиялык алака түзгөн.
Шерине