
Кыргызстанда электр энергиясын жайкы керектөө эң жогорку чекке жетти. Өлкөдө жай айларында суткасына орточо 25-30 миллион кВт/саатка чейин электр энергиясы колдонулуп келсе, быйыл күн кескин ысыган күндөрү керектөө 44-45 миллион кВт/саатка чейин жетүүдө. Бул Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станциясы (ГЭС) – Токтогулда суунун азайышын шарттоодо.
Адистер бул жагдайды калктын жана экономиканын өсүп жатканы менен байланыштырып, алдыдагы кыш айлары оор болорун эскертүүдө.
Секирген көрсөткүчтөр
Энергетика министрлиги электр энергиясын жайкы керектөө эң жогорку чекке жеткенин билдирип, бул июнь айынын соңку күндөрүнө туш келгенин маалымдады. Министрлик учкай сандарды да жарыялап, мунун себебин аба ырайынын ысык болуп жатканы менен түшүндүрдү.
Мекеме маалымдагандай, жай айындагы эң чоң керектөө мурдагы жылдары 30 миллион кВт/саатка чейин жетип турчу. Жайдагы рекорддук көрсөткүч 2023-жылы 38,7 миллион кВт/саат, 2024-жылы 40,5 миллион кВт/саат болгон. Быйыл 24-июнда болсо керектөө 44,7 миллион кВт/саатка жетип олтурат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев мындан улам жарандарды сарамжал болууга чакырды:
“Карасаңар, мында дээрлик 6 миллион кВт/саат электр энергиясын көбүрөөк колдонуу болуп жатат. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт/сааттан кем эмес электр энергиясын керектөөдө. Керектөөнүн өсүшүнө күн ысыкта кондиционерлердин жана муздаткычтардын көп колдонулушу, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы, жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин пайдаланууга берилиши себеп болууда. Ошол эле маалда биз жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз”, – деди министр.
Маалыматта айтылгандай, жарыкты эң көп колдонуу Бишкек шаарында катталган. Борбордо суткалык керектөө 8,9 миллион кВт/саатты түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,8% көп. Башка аймактарда деле өсүү андан кем калбайт.
Энергетика министрлигинин Энергобаланс жана электр энергиясын жоготууларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айдар Байгазиев буларга токтолду:
“Эгерде пайыздар менен карай турган болсок, керектөөнүн өсүүсү Бишкек шаарында, Баткен жана Ош облустарында көбүрөөк байкалган. Бишкекте 31,8 %, Баткенде 21%, Ошто 20% чейин өскөн”.
Тармактык министрлик Кыргызстандын энергетика мекемелери керектөөнү жетиштүү өлчөмдө жаап жатканын билдирип, бирок ошол эле маалда айрым станцияларда кубаттуулук азыраак экенин моюнга алат. Тагыраагы, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 300 МВт, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты реконструкцияга берилгендиктен 45 МВт (жалпы 345 МВт) кубаттуулук учурда кыскарып турат десе болот.
“Жайды эптеп өткөрөбүз, кышта оор болот”
Негизи электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп жатканы чоң жаңылык эмес. Акыркы жылдары Кыргызстан кышкы керектөөдө да катары менен рекорддорун жаңыртты.
Өлкө жетекчилери, тиешелүү мекеме башчылары муну улам-улам айтып, аны чечүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирип жатат. Бирок өлкөнүн өндүрүмү керектөөнү жаба албай келатат.
Айталы, акыркы үч-төрт жылда Кыргызстандын жылдык керектөөсү 15-17 миллиард кВт/саат көлөмдү түзүп келди. Ошол эле маалда өлкөдөгү станциялар 12-14 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турду. Жетпеген ток башка өлкөлөрдөн сатылып алынып жатты.
Баштапкы эсепте, 2025-жылы керектөө 18 миллиард кВт/саатты түзөт деп мерчемделсе, өлкөдөгү гидроэлектр станциялар жана жылуулук электр борборлору 14,3 миллиард кВт/саат өндүрөт деп күтүлүүдө. Жетишпегени, тагыраагы 3,9 миллиард көлөм кайра эле башка өлкөлөрдөн импорттолмокчу.
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:
“Жыл сайын калктын саны 120-130 миңге көбөйүүдө. Экономика чоңоюуда, курулуштар көп түшүүдө. Мына ошонун баарына көп электр энергиясы талап кылынат. Ага кошумча жай айларында кондиционерлер, муздаткычтар, тоңдургучтар, насостор, айтор, ушундай техникалар көп иштетилет. Мына ушундай шартта жылдан жылга электр энергияны колдонуу 8-10% көбөйүп жатат. Ошол эле мезгилде акыркы беш жылда электр энергиясын өндүрүү бизде төмөндөп кетти. Былтыр 3,6 миллиард кВт/саат, быйыл 4 миллиард кВт/сааттан ашык дефицит болот. Өкмөт, Энергетика министрлиги чоң кубаттуулуктагы ГЭСтерди курган жок. Чакан ГЭСтерди салууда, бирок алардын кубаттуулугу бир айылга араң жетет. Алар көйгөйдү чечпейт. Ошону үчүн сырттан электр энергиясын сатып алууга мажбур болуп жатабыз. Коңшу өлкөлөр менен келишимдердин негизинде, тескерисинче, жайда аларга электр сатабыз, натыйжада Токтогул ГЭСинде суу азаюуда. Президент Садыр Жапаров эки жыл мурун энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизип, Энергетика министрлигине чоң укуктарды берген. Министрлик мына ошону толук пайдалана албай жатат. Ошондуктан бул тармактагы кризис уланып жатат. Азыр го макул, күн ысык, өчүрүүлөр болсо чыдап жатабыз. Жайды эптеп өткөрөбүз, кыш оор болот. Бул кетиште келерки кышкы мезгилдерде маал-маалы менен өчүрүүлөр көп болот”.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 миллион 585 миң абонент катталган. Анын ичинде 1 миллион 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 миллиард кВт/саат электр жарыгын колдонот. 6,47 миллиард кВт/саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат. Андан берки сан жарыялана элек, бирок дагы өскөнү айтпаса да түшүнүктүү.
Эксперт Жанышбек Кулумбетов Биринчи радионун эфиринде мына ушул маселени белгилеп, үнөмдөө масштабдуу деңгээлде жүрүшү керектигин айтып өттү:
“Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам акыркы жылдары жердин бетиндеги температура жогорулап жатат. Алдыңкы жылдары дагы өсөт. Ошондуктан биз климаттын өзгөрүшүнө даярданышыбыз керек. Муну үчүн аракеттер бар. Энергосектор да камданууда, чаралар көрүлүп атат. Бирок ошонун ичинде биз энергоэффективдүүлүккө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Биз 2010-жылы изилдөө жүргүзгөндө Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык жаңы абонент кошулуп жаткан эле, азыр болсо жылына 30 миңден жаңы электр энергиясын колдонуучу кошулууда. Мындан сырткары жылына 10 миңден ашык жаңы имарат курулуп жатат. Алардын ичинде чоң имараттар, бизнес курулуштар, жеке үйлөр бар. Аларда электрди колдонуучу жабдуулар пайда болот, анда жашап-иштегендер көп колдоно баштайт дегендей... Биз ошого да даяр болушубуз керек. Биринчиден, чыккан энергияны туура пайдаланууну үйрөнүшүбүз шарт. Экинчиден, энергияны үнөмдөп колдонууга өтүүбүз шарт. Жаңы курулуп жаткан имараттардын бардыгы энергияны аз пайдалана тургандай болуп салына башташы керек. Кышында жылуулук үчүн, жайында муздатуу үчүн электр энергиясы аз колдонулгудай болушу кажет”.
Абоненттер, башкача айтканда электр энергиясын керектөөчүлөр көбөйүп жатканы бир маселе, ошол эле маалда айрым багыттарда ток колдонуу өскөнү да өзүнчө маселе.
Дегенибиз 2022-жылы “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынганы, Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүүгө – майнингге да уруксат берилген. 2024-жылдагы эсеп боюнча өлкөдө 25 криптомайнинг катталган эле.
Бийлик бул боюнча түшүндүрмөлөрүндө Кыргызстандагы майнинг компаниялар электр энергиясын реэкспорт жолу менен алып жатканын, өлкөнүн энергетика тармагына күч келтирбей турганын билдирген. Бирок алар энергияны үзгүлтүксүз жана көп колдонгону көп түкшүмөл жараткан.
Энергетик Расул Умбеталиевдин ушул жөнүндөгү пикирине орун берели:
“Өзү өлкөдө электр энергиясы жетишсиз болуп жатса майнинг компанияларга электр энергиясын сатып жатышканы туура эмес саясат. Анткени бир майнинг компания бир район менен тең электр энергиясын колдонот. Анан ал жерде беш-алты эле киши пайда көрөт, а бул жакта калк кезектешип өчүрүүлөр менен олтурат. Ошондуктан мындай энергетикалык кризис шартында майниннге уруксат бергендин ордуна кайра тыюу салыш керек эле”.
Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектр станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын кубаттуулугу 3892 мегаватт, же 3,8 ГВт. Энергетиктердин айтымында, алдыңкы он-он беш жылда өлкөгө мындан эки же үч эсе чоң кубаттуулук керек болуп калат.
Кыргыз өкмөтү 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидроэлектр станциясы жана күн менен шамалдан энергия алуучу, 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 станция куруу планын жарыялаган. Бирок муну ишке ашыруу кечеңдөөдө жана мындай көлөмгө 2030-жылдары барып чыгышы мүмкүн.