Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Айзиректин өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Айзирек Эралиева 38 жашта болчу.
Айзирек Эралиева 38 жашта болчу.

Ошто Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу соттук иш эки күн каралып, 31-июлда өкүм чыкты. Келиндин жакындары анын өлүмүнө айыпталган күйөөсүн өмүрүнүн аягына чейин камоону талап кылышкан. Райондук сот аны 18 жылга кести.

Ош облусунун Өзгөн райондук соту 31-июлда Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Маркумдун күйөөсү күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ага 100 миң сом айып пул салынды.

Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Этиятсыздык менен адам өлтүрүү), 267-беренесинин 1-бөлүмү жана 2-бөлүмү (Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылды.

Райондук соттун маалыматына ылайык, өкүм Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине ылайык, жаза мөөнөттөрү толук кошулуп эсептелип чыгарылды.

Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу ишти Өзгөн райондук соту карап баштаган. 29-июлда мамлекеттик айыптоочу иш менен толук тааныша электигин айтып, сот бир күнгө жылып кеткенин маркумдун жакындары айтып беришкен.

30-июлда соттук отурум башталар алдында маркум Айзиректин жакындары менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эле. Атасы Мухаммед Эралиев соттон адилет чечим күтүп жатышканын айткан.

Мухаммед Эралиев
Мухаммед Эралиев

"Менин кызым ошол жерде 18 жыл тиричилик кылып, ошол баланын жакасын агартты. Тамагын жасап берип, беш бала төрөп берди. Мындай адамды башына көтөрүп жүрүш керек эле. Өмүр бою түрмөдө жатсын", - деген маркумдун атасы.

Сот башталган учурда отурумдар өтүүчү бөлмөгө журналисттер да кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бирок кылмышка шектүүнүн жактоочусу жараянга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна макул болгон жок.

Ошондуктан журналисттер биринчи күндөгү сот жараянына башынан аягына чейин күбө боло алышкан эмес.

38 жаштагы Айзиректин өлүмү кыргыз коомчулугунда чоң резонанс жаратып, үй-бүлө зомбулугуна каршы чакырыктарды күчөткөн. Ошондуктан бул сот иши көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Үрөй учурган окуядан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары билдирүү жасап, Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы “аялзатын кордоо жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик” деп атаган. Маркум Айзиректин кадыр-баркына шек келтирген пикир калтырган блогерлер камакка алынган.

Келиндин апасы Салима Сарыбаева сот ачык өтүп, укук коргоо органдары келтирген далилдердин баары эске алынышы керектигин айткан:

"Сот отуруму кечээги күнгө белгиленген. Бирок прокурор иш менен таанышууга убакыт сурап, бүгүнкүгө жылып калды. Биринчи отурум башталды. Милициялар аныктаган жагдайлар бизге ачык айтылып, түшүнүктүү болсо болот эле. Ошол баланы өмүр бою эркинен ажыратып берсин. Менин айдай кызым өлүп калды".

Ишти тергеген Ош облустук милициясы кылмышка шектүү маркум Айзиректин 40 жаштагы жолдошуна айып таккан эле.

Соттук жараянга катышып жаткан мамлекеттик айыптоочу Бактыбек Төрөкулов отурум тууралуу буларды айткан:

Бактыбек Төрөкулов
Бактыбек Төрөкулов

"Тагылган беренелер боюнча куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана алсыз адамга карата жасалган кылмыш болуп саналат. Биз жарыш сөзгө чыктык, соттон кандай жаза берилиши керектиги жөнүндө сурандым."

Мектепти аяктаганынын 20 жылдыгына карата классташтары менен жолугушууга барып келгенден кийин аңчылык куралдан ажал тапкан Айзиректин өлүмү кыргыз коомчулугун нес кылып, мыйзамсыз курал сактоо маселеси да көтөрүлүп, жумушуна шалаакылык кылганы үчүн бир канча кызматкер жоопко тартылган. Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.

Маркум келиндин артында беш баласы калды.

Бул үрөй учурган окуя кыргыз коомундагы аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөй канчалык курч экенин көрсөттү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG