Канада Палестин мамлекетин тааный турганын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жыйынында жарыялайт. Бул тууралуу премьер-министр Марк Карни билдирди.
"Канада мурдатан бери эле эки өлкө түзүү, көз карандысыз, эгемен, Израил менен ийиндеш тынчтыкта жана коопсуз шартта жашаган палестин мамлекети болушу керек деген чечимди колдойт",-деди Карни.
Ал ошондой эле Оттава "Газа секторун каатчылыкка кептеген израил өкмөтүн айыптай турганын" кошумчалады.
Мунун алдында Мальта дагы Палестин мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алган. Өкмөт башчы Роберт Абела бул кадам Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттеринин бир бөлүгү экенин айткан.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги Канаданын чечимин айыптады. АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына анын зыяны Оттавага тиерин эскертти.
"Вау! Канада жаңы эле палестин мамлекеттүүлүгүн колдой турганын жарыялады. Бул биздин алар менен соода келишим түзүүбүзгө чоң кедергисин тийгизет",-деп жазды Трамп.
Канада палестин мамлекетин тааный турганын жарыялаган "Чоң жетиге" мүчө мамлекеттердин үчүнчүсү болуп калды. Буга чейин Франция менен Британия дагы БУУнун сентябрдагы жыйынында палестин мамлекетин тааный турганын билдиришкен.
30-июлда Франция баштаган Батыштын 15 өлкөсү биргелешкен билдирүү таратып, палестин мамлекетин таанууга үндөшкөн. Бул билдирүүнү Тель-Авив айыптаган.
Палестин мамлекетин ушу тапта БУУнун 193 мүчөсүнүн 140тан ашууну тааныган. Арасында ири державалардан Орусия жана Кытай, Еврошаркеттин Испания, Польша өңдүү өлкөлөрү бар. Кыргызстан палестин мамлекетин 1995-жылы таанып, ошол жылы эле дипломатиялык алака түзгөн.