Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады

Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу кооптонуу көбөйдү.

Сауд Арабия, Египет, Катар, Иордания өңдүү өлкөлөр кирген Араб мамлекеттер лигасы, Түркия жана Европа Биримдиги Газа тилкесиндеги жагдайга байланыштуу декларацияга кол коюшту.

Документте аталган анклавдын аткыланышын токтотуу планы белгиленген. Ага ылайык, Газадагы кырдаалды турукташтыруу максатында эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу, палестин администрациясын калыбына келтирүү, ошондой эле көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүүгө даярдык көрүү жазылган.

Декларацияда Кошмо Штаттары менен Еврошаркет террордук деп тааныган ХАМАС тобунун 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге чабуулу айыпталган. Бул топ туткундардын баарын бошотуп, курал-жарагын таштап, Газага көзөмөл жүргүзүүдөн баш тартышы керектиги белгиленген.

Текстте Израилдин чабуулдары айыпталып, жайкын тургундардын кырылып жатканы, гуманитардык жардам жеткирүү чектелгени көрсөтүлгөн.

Декларациядагы сунуштарды Израил менен АКШ сындап чыкты. Тель-Авив мындай кадам "ХАМАСтын жаңы мамлекетинин" пайда болушуна алып келиши мүмкүндүгүн айтты.

Франция документти "тарыхый" деп сыпаттап, араб мамлекеттери менен Түркия биринчи жолу чогуу ХАМАСты айыптап жатканын белгиледи.

Мунун алдында Франция баштаган Батыштын 15 өлкөсү биргелешкен билдирүү таратып, палестин мамлекетин таанууга үндөгөн.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Газада ок атышуу токтобосо Лондон дагы палестин мамлекетин сентябрда расмий тааный турганын айткан.

Мындай билдирүүлөр Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу кооптонуу көбөйгөн маалда жасалып жатат.

Дагы караңыз

Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан набыт болгондор 13кө жеттиОш: Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шек саналган күйөөсүнүн соту башталдыТажикстанда атасы машинасына сүйрөткөн өспүрүм мерт болду Стармер Израил Газада ок атууну токтотпосо Британия палестин мамлекетин таанырын айттыКамчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду, Жапония менен Гавайиде цунами тууралуу эскертүү берилди Талас: кыргыз-казак чек арасына жакын аймактагы өрттү өчүрүү уланууда Өкмөт Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион сом бөлдүОштун мэри Токторбаев "Келечек" базарын көчүрүүгө каршы соодагерлер менен жолукту