Министрлик кыска окуу курстарынан кийин эле колуна бычак кармап, медициналык косметологияга өткөндөр көйгөй жаратып жатканын айтууда. Ушул тармактагы оош-кыйыштар туурасында Кыргызстандагы пластикалык хирургия коомунун президенти Султан Тукешов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
- Соңку учурда пластикалык хирургиядан жабыр тарттым деген 20дан ашуун адам Саламаттык сактоо министрлигине арыз менен кайрылган экен. Алардын айрымдары операциянын натыйжасына нааразы болсо, кээ бири абалы оорлошуп кеткенин билдиришкен. Эмнеден улам мындай жагдайлар жаралууда? Кыргызстанда ушул тармактын оош-кыйышы эмнеде болууда?
- Акыркы айда ушул тармакта негативдүү маалыматтар чыгып, эл арасында кандай болот дегендей кооптонуулар дагы пайда болду. Мындай учурлар бардык тармактарда кездешет, ансыз дагы болбойт, бул практика жүзүндө боло турчу нерсе. Биз пластикалык хирургия эң өнүккөн өлкө делген Түштүк Кореяга барганда клиниканын алдында операциянын натыйжасына макул болбогон адамдар митингге чыкканын көргөнбүз. Операциянын натыйжасын кардарлар ар түрдүү, объективдүү жана субъективдүү кабыл алат. Операция кардарга жарашыктуу жасалса дагы ал субъективдүү кабыл албаса сөзсүз түрдө маселе жаратат, хирург менен кардардын ортосунда пикир келишпестик пайда болот. Пикир келишпестик кандай уланат, маселе ошондо. Тил табышып, маселени чечүүнүн жолдорун издеп, оңдоп-түздөө иштерин сүйлөшүп, сотко чейин жеткирбей чечсе резонанс жаралбайт.
- Ошондой жагдайлар эмнеден улам пайда болот? Профессионализмдин жоктугубу же чын эле кардар менен дарыгердин ортосундагы эле пикир келишпестиктен улам чыгабы? Же чын эле жабыркадык деген адамдар айткандай мүчүлүштүктөр кеткенби? Алардын айрымдарына сиз өзүңүз дагы күбө болуп, корутунду чыгарган учурлар болгон экен.
- Ар бир учур өзүнчө каралат. Бардыгын териштирип карап келгенде сөзсүз түрдө эки тараптуу каталар кеткенин көрөсүң. Кардар боюнча айта турган болсок, бир келгенде көп операцияны бир талап кылып, хирургду көндүрүп, жасаткандан кийин проблема жаралса кайра дарыгерди күнөөлөп чыгат. Ошондуктан көп операцияны бир талап кылганда андан баш тартып, түшүндүрүп, этап-этабы менен жасоо керек. Мисалы, көзүнө сурма чыгарып, ошол эле учурда көздүн астына дагы операция жасатуу, ошол эле учурда бетин тарттыруу, оозун чоңойтуу дегендей операцияларды бир үймөктөп жасоодо маселе жаралуу ыктымалдыгы бар. Бул жерде хирург дагы өзүнө өтө эле ишенип алып көп операцияны бир жасап салышы мүмкүн.
- Кыргызстанда, тилекке каршы, буга чейин пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, адам өлүмү менен коштолгон учурлар дагы катталган. 2022-жылы денесиндеги ашыкча майды сордурткан (липосакция - ред.) операциядан кийин 40 жаштагы аял каза болуп калган. 2023-жылдын башында 37 жаштагы келин пластикалык операциядан көп өтпөй өзүн жаман сезип, ооруканага жетпей каза болгон. Жакында эле сакал эктирем деген хирург өзүн жаман сезип каза болду. Негизги тобокелчилик эмне жана эмнеден ушундай учурлар катталып жатат?
- Мунун баарын комплекстүү түрдө айтыш керек. Сөзсүз эле ушундай жагдайлар болот дегенден алысмын, бирок бул жерде доктурлардын компетенттүүлүгү абдан маанилүү экенин моюнга алыш керек. Кардар алдын ала көрүнгөнбү, анын организми ошол операцияга чыдайбы, жокпу, ошол учурда абалы кандай болуп турат, каны кандай, текшерүүдөн өткөрүп, бүт системасын анализ кылыш керек. Буга чейин кандай оорулар менен ооруган, кандай тобокелдиктер болгон, жашоосунун анамнези деген бар, жашоосунун тарыхын изилдеп, кардарды дыкат тандап албаса ушундай учурларга алып келип жатат. Биз териштирүүлөрдө дагы болуп жатабыз, ошол жерден катачылык кеткен учурлар бар экенин көрүп жатабыз. Муну жашырганга дагы, моюнга албай койгонго дагы болбойт. Ошондуктан акыркы болгон резонанстар хирургдарга, пластикалык хирургия коомуна катуу тийсе дагы чоң эскертүү болду. Ар бир кардарга жакшылап көңүл буруп, аны жакшылап изилдеп, көрсөтмө барбы, жокпу, өзүм билемдик кылбай, бардыгын талапка жараша жасоого чоң эскертүү болду.
- Кыргызстанда сулуулук операциялары жасалып баштаганына бир топ жыл болуп калды. Эмнеге ушул убакка чейин анын тобокелдиктерин жана кесепеттерин эске алган жол-жобо же атайын протокол иштелип чыккан эмес?
- Биз дагы эмнеге андай учурлар катталып жатат, аны болтурбоо үчүн эмне кылышыбыз керек деп коомчулуктун ичинде чогулуштарды өткөрдүк. Жакында эле экинчи курултайыбызды өткөрүп, ал жерде дагы чоң талкуу болду. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алдык. Анда көйгөйлүү болуп жаткан операциялардын бардыгын белгилеп, клиникалык протоколун иштеп чыктык. Эми Саламаттык сактоо министрлигинде ошол протоколду кабыл алганга отурум кылабыз. Клиникалык протоколдо кандай жазылган болсо ошол шарттын бардыгын жасап туруп анан операция жасаш керек болот. Эгер аны аткарбай койгон болсо хирург күнөөлүү болот. Эгер андагы талаптар менен шарттар аткарылган учурда дагы оорлошуу пайда болсо анда организмдин реакциясы болуп эсептелет. Биз азыр төрт операциянын клиникалык протоколун иштеп чыктык. Аны иштеп чыгуу деле оңойго турбайт, бир-эки айда бүтө койчу иш эмес. Анткени ушул багыттагы дүйнөлүк адабиятты изилдеп, окуп чыгышыбыз керек болду. Аны изилдеп жатканда таң калыштуу жагдайга дагы туш болдук. Биз велосипед ойлоп таппай, башка өлкөлөрдүн протоколдоруна адаптация кылалы деп ойлогонбуз. Көп өнүккөн өлкөлөрдүн протоколу жок экен, ошол эле Америка, Түркия, Орусия. Жалаң гана сунуштар экен. Протокол кабыл алгандан кийин ал бизге конституция болот, аны аткардыңбы, демек, күнөөң жок, аткарбасаң күнөөлүүсүң дегендей.
- Ар бир жагдай боюнча корутунду чыгарууда башкы хирургдун иши кайра эле адис катары сиздерге же башка дарыгерге түшөт да. Жабыркагандар арасында "карга карганын көзүн чукубайт", "коргоп койду", "жаап-жашырып койду" дегендей пикирлер жок эмес. Ошондой учурлардын биринде сиздин атыңыз дагы аталган эле, "операцияда кынтык жок, жаш курагына байланыштуу" деген корутунду чыгарды дегендей. Негизи корутунду кандай чыгарылат?
- "Максклиникте" көзүнө операция жасаткан кардар тууралуу болуп жатса керек сөз. Ал кардар Саламаттык сактоо министрлигине арыз жазган экен. Ал жерде штаттан тышкаркы адис катары мага түштү. Операциянын аткарылышында чынында ката көрө алган жокмун, көзү кыйшыйып же функциясы бузулган оорлошууну көрө алган жокмун. Ал жерде спайка, берч пайда болгон. Ошол себептен кардардын көзү ичине тартып жаткандай сезим болгон. Бул доктурду күнөөлөгөнгө себеп эмес. Ар бир операциядан кийин берч пайда болот, ал ар бир адамда ар кандай кетет. Кээ бирөөнүкү 2-3 айда, айрымдарыныкы узакта барып жакшы болот. Ал кардар менен сүйлөшүп, менин көзөмөлүмдө болуңуз, болбосо өзүм оңдоп берейин дедим. Бир аз убакыт күтүш керек болчу. Аны күтпөй ал башка жерден дагы операция жасатып алган. Ошондуктан бул жерде бир тараптуу эле айткан болбойт. Азыр жаап-жашырып коюш мүмкүн эмес, бардык жерден айта алат, жаза алат. Бул жакшы нерсе. Мен жашырсам менин үстүмдөн дагы текшергендер бар. Корутундуну максималдуу түрдө кандай болсо ошондой жазганга аракет кылабыз. Кээде кардар дарыгер айткан сунуштарды туура кылбай койгон учурлар болот. Кээде операциядан кийин кардар туура эмес жатса, уктап жатып көзүн тырмап алган учурлар болот, кайра тиккен учурлар кездешет. Операциядан кийин тамеки тартса ошол жери карарып кетет, тигиш ачылып кетет. Ачуу тамак жедиби, жокпу, кээде сыйпап жаткан мазга аллергия болуп кетет. Бул ушундай болуп калат деп көз жабуу эмес, ар бир учур өзүнчө каралышы керек. Ал эми "Максклиник" боюнча текшерүү болду, кемчиликтер кеткенин моюнга алдык, көп кемчиликтер чыкты. Ошонун баарын жоймоюнча жабылды, аны түздөсө кайра иштегенге шарт бериш керек.
- Көздүн сурмасына, блефаропластика операциясы жеңилирээк деген туурабы? Негизи эле пластикалык операциянын кайсы түрү көбүрөөк тобокел жаратат?
-Пластикалык операция ооруп жаткан адамга жасалбайт. Бул жерге келгендер өзүнүн абалынан дагы жакшыраак болоюн деп келет. Ошондуктан ар бир операция өтө кооптуу. Кандай гана операция болбосун, дарыгер өзү даяр болуп, ошол тармакта кайнап, эмне болгондо оорлошуу болуп кетет, кандай учурлар тобокелдик жаратат, андай учурда эмне кылыш керек деп аралашып, көзү каныккандан кийин анан жасап башташы зарыл.
- Саламаттык сактоо министрлиги косметология боюнча кыска курстарды окугандан кийин бычак кармап эле медициналык косметологияга өтүп кеткендер көп экенин белгилеген эле. Муну кантип тартипке салса болот?
-Андай жерлерге жарандар өздөрү барып жатпайбы. Ошонун баарын билип, шартын көрүп турушат. Жасаган жери талаптарга туура келбейт, соода борборунун бир бөлмөсүндө эле кеңеш дагы берип, операция дагы кылып жатат. Андай шартта ким күнөөлүү, мында чоң көйгөй бар. Биз бул багытта Жогорку Кеңештин депутаттары менен чогуу иштешип жатабыз. Жакында профессионалдык билими жок туруп ушул багытта иш жүргүзсө эркиндигинен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алат деп күтүп жатабыз. Мыйзам кабыл алынса бир топ эле тартипке салынат деп ойлойм. Анткени жаза жок болгон жерде өзүм билемдик пайда болот. Кааласа айып пул төлөп кутулуп кетем деп жоопкерчилик жок болгон үчүн ушундайга барып жатышат.
- Кыргызстанда жылына канча киши пластикалык операция жасатат деген болжолдуу статистика барбы?
- Азыр бизде билим алып, лицензия алып ишке киришкен хирургдардын саны 107ге жетип калды. Учурда Медициналык академияда жана Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) билим алышат. КРСУ беш жылдык окутуу формасы болуп жатат. Азыр биз дагы беш жылдыкка өтүүнү караштырып жатабыз. Анткени эл аралык стандарт боюнча ошондой экен, бул азыр талкууда.
Ал эми Кыргызстандагы пластикалык хирургия акыркы беш жылда деңгээли өстү. Дүйнөдөгү сейрек жасалган операциялар бизде жасалып жатат. Чет өлкөдөн келип жасаткандар бар. Учурда 14-15 клиника бар. Жылына болжол менен 5 миңдей адам операция жасатат. Мунун баары эле кыргызстандыктар эмес. Көбүнчө көзгө операция жасаткандар. Азия өлкөсү болгондуктан мурунга жасаткан, бетти тарттырган учурлар көп. Акыркы учурда дүйнөдө денени өзгөрткөн операция тренд болуп жатат. Суроо-талап жогору болгондо хирургдардын саны дагы, атаандаштык да болот. Бул жакшы нерсе, биз сапат жагынан дагы тышкы атаандаштыкка туруштук беришибиз керек.
Шерине