Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

“Талибандын” мунапысы, Батыш менен иштешкен оогандардын кооптонуусу


Кабулдан эвакуацияланып жаткан кишилер. Ооганстан, 23-август 2021-жыл
Кабулдан эвакуацияланып жаткан кишилер. Ооганстан, 23-август 2021-жыл

Британияда атайын кызматтын жашыруун маалыматы ачыкка чыгып кеткени миңдеген оогандыктын өмүрү коркунучка кептелди.

2022-жылы куралчан адамдар агасын атып кеткенден бери Мирвайс үй-бүлөсү менен Кабулдагы үйүн таштап, ошондон бери улам бир жерге көчүүгө аргасыз. Ал британ адистеринин машыгуусунан өтүп, полицияда кызмат өтөп келген маркум бир тууганын “Талибан” кыймылынын согушкерлери өлтүргөнүн, муну менен Батыш аскерлери менен бир тарапта күрөшкөн оогандардан өч алып жатышканын айтат.

“Биз үйдө отурганбыз, бир убакытта 20-30 чакты талиб жоочулары эшигибизди каккылап, агамды сүйрөп кетишти. Ата-энем ыйлап, агамды коё берүүнү жалбарып суранышканы менен аны көз алдыбызда атып өлтүрүшкөн”, - деп айтып берди атын өзгөртүп берүүнү өтүнгөн Мирвайс.

Ал Британиядан үй-бүлөсүн талибдердин өч алуусунан коргоону өтүндү.

Британ аскерлери менен кызматташканын айтып, 2022-жылы башпаанек сураган 25 миңдей оогандык тууралуу маалымат ачыкка чыгып кеткенден бери миңдеген оогандык британ жергесине көчүп кетүүнү сурап келатышат.

Арасында британ куралдуу күчтөрү менен аскердик жана жарандык кызматтарда иштегендер, Британия машыктырган жана каржылаган Ооганстандын полициясынын атайын бөлүгүнүн мүчөлөрү бар. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ооганстандын атайын кызматынын мурдагы жогорку эки өкүлү айтып беришти.

“Талибдер агамды өлтүрүп, үй-бүлөмдү өч алуу менен коркуткан”

Британиянын The Telegraph гезити 15-июлда биринчилерден болуп жашыруун маалымат ачыкка чыгып кеткенин жазган. Алардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралында британиялык расмий адам купуя маалыматты кокусунан шардана кылып жибергенден бери “Талибан” оогандык 200 аскер жана полиция кызматкеринин көзүн тазалаган.

Каза тапкан оогандардын аттары менен башка жеке маалыматтарды Британиянын, АКШнын күчтөрү менен кызматташкан оогандардын оор тагдырын чагылдырган көз карандысыз уюм чогулткан, - деп жазган басылма.

Маркумдардын арасында талибдер 2022-жылдын апрелинде кармап өлтүргөн полициянын мурдагы жогорку өкүлү Мухаммад Касым Каем бар. Үй-бүлөсү анын денесинде кыйноонун издери бар болуп чыкканын айтып берди.

“Талибдер аман калгыңар келсе ал ишти иликтөөгө аракеттенбегиле деп эскертишти”, - деп айтып берди “Азаттыкка” Каемдин бир тууганы Нур-Алам.

Оогандарды көчүрүү 9 млрд доллар турушу мүмкүн

Жашыруун маалымат 2022-жылы аты аталбаган британиялык расмий адам өкмөттүн сыртындагы даректерге электрондук почта менен кат жөнөтүп, ага падышалыктан башпаанек сураган 25 миң чакты оогандыктын ысымдары жазылган документти тиркегенде ачыкка чыгып кеткен.

Башкалка сурагандар британ армиясынын тарабында күрөшкөндөр же аларга байланышы бар оогандыктар болчу.

Маалыматтын жарыяланып кетишин британ өкмөтү 2022-жылдын августунда байкаган. Ошондо белгисиз бирөө жашыруун тизмедеги тогуз кишинин ысымдарын Фейсбуктагы постунда чыгарып, калгандарын да шардана кыларын кыйыткан. Британ бийлиги Фейсбуктун ээси Meta компаниясы менен байланышкандан кийин пост үч күндүн ичинде өчүрүлгөн.

Ошондон бери 4 миңге чукул киши Британияга көчүрүлдү. Маалыматка ылайык, аларды коопсуздук кызматтары текшерген эмес. Чындап эле британ аскерлеринин тарабында күрөшкөнү же коргоого муктаждыгы да жакшылап иликтенген жок. Дагы 2 миң 400дөйү жакынкы аралыкта падышалыкка барат деп күтүлүп жатат, калгандары Ооганстанда же үчүнчү өлкөлөрдө кала берүүдө.

Оогандарды алып чыгып, жайгаштыруу үчүн британ салык төлөөчүлөрүнүн чөнтөгүнөн 9,4 млрд доллар талап кылынышы ыктымал.

Маалыматтын ачыкка чыкканы жана оогандарды көчүрүү үчүн зарыл болгон акчанын көлөмү жашыруун сыр катары сакталып келип, 15-июлда Жогорку сот өкмөттүн тыюусун алып салган чечим чыгарганда калың элге белгилүү болду.

“Талибан” Батыш менен кызматташкан оогандарды кечиргенин айтууда

“Талибан” кыймылынын эки расмий өкүлү өкмөт британ документтеринде сөз болгон адамдарды “көзөмөлгө албаганын, артынан түшпөгөнүн жана залака тийгизбегенин” “Азаттык” радиосуна билдирди.

Талибдер башкарган өкмөттүн басма сөз катчысынын орун басары Хамдулла Фитрат жана Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Абдул Матин Кани жогорку лидер Хибатулла Ахунзада НАТОнун катарында, анын ичине британ аскерлери менен бирге “Талибанга” каршы күрөшүп келген бардык оогандарга мунапыс жарыялаганын айтышты.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, сөз болгон тизме алар үчүн жаңылык болгон жок, эмне дегенде Ооганстандын мурдагы Коргоо жана Ички иштер мекемелери качып жатканда “бардык документтерди” таштап кетишкен.

“Ошол адамдардын жана жакындарынын жүрөк үшүн алуу үчүн атайылап имиштерди таратып жатышат. Биз ал айың кептерди четке кагабыз. Биз өч алууну көздөбөйбүз”, - деп айтты Фитрат “Азаттыкка”.

Көптөгөн оогандар бирок бул сөздөргө күмөн саноо менен карашат. Алар талибдер бийликке кайтып келгенден бери аскерлер жана мурдагы бийликте иштегендер арасынан канчалаган киши өлтүрүлгөнүн, камакка алынганын, дайынсыз жоголгонун айтышат.

“Коргоо сөзсүз бардыгын көчүрүү дегенди билдирбейт”

Ооганстандын мурдагы куралдуу жана коопсуздук күчтөрүндө жогорку кызматты ээлеп келген генерал Ажмал Өмер Шинвари талибдердин жетекчилиги мунапыс жарыялаганы менен катардагы аткаминерлер жана согушкерлер мурдагы каршылаштардан өч алышы мүмкүн деп эсептейт. “Азаттыкка” курган маегинде ал “Талибан” кол астындагылардын бардыгын толук көзөмөлдөбөйт”, - деп белгиледи.

Анын айтымында, “британ атайын кызматынын купуя маалыматында сөз болгон адамдардын өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралууда”, Британия “20 жыл бою алардын миссиясын колдогон оогандарды коргоого тийиш”.

Ошол эле маалда Шинвари “коргоо сөзсүз эле падышалыкка көчүрүүнү билдирбейт” деп кошумчалайт.

"НАТО жана Батыш өкмөттөрү Ооганстанда жашап жаткан мурдагы жергиликтүү жоокерлердин коопсуздугун камсыздоонун стратегиясын иштеп чыгышы, аны эл аралык уюмдар, асыресе БУУ аркылуу ишке ашырышы керек”.

“Талибан” кыймылы башкарган ооган бийлигин Орусиядан башка бир да өлкө тааныган эмес. Бирок, Шинваринин пикиринде, Батыштын “өз легитимсиздигин” түшүнгөн жана эл аралык коомчулук менен кызматташууга умтулган Кабулдагы өкмөткө таасир этүү жолдору бар.

Британ медиасынын маалыматына караганда, НАТО баштаган контингент Ооганстандан чыгып кеткен 2021-жылдын августунан бери 36 миңден ашуун ооган Британияга көчүп кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG