Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Мамлекеттик монополия: "ЭлКат" интернет-трафикти жалгыз тейлейт


"ЭлКат" компаниясынын тыштан интернет тартып келүү, транзит өткөрүү жана ички аймактарга жеткирүү схемасы.
"ЭлКат" компаниясынын тыштан интернет тартып келүү, транзит өткөрүү жана ички аймактарга жеткирүү схемасы.

Президент Садыр Жапаров эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоо боюнча убактылуу мамлекеттик монополия киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Быйыл улутташтырылган “ЭлКат” компаниясына “эксклюзивдүү укук” берилди. Мамлекеттик монополия бир жылга киргизилет.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, мындан беш ай мурда улутташтырылган “ЭлКат” компаниясына эл аралык интернет-трафикти Кыргызстанга алып келүү жана башка мамлекеттерге өткөрүү боюнча "эксклюзивдүү укук" ыйгарылды. Мамлекеттик монополия быйыл 15-августтан кийинки жылдын 14-августуна чейин өкүм сүрөт. Анын алкагында компания бир жыл бою Кыргызстандын аймагына интернет-трафикти жеткирүү, берүү жана башка мамлекеттерге транзит өткөрүү боюнча жалгыз оператор болуп саналат.

Башка операторлорго интернет-трафикти сатып алуу боюнча бардык келишимдерин эки айлык мөөнөттө “ЭлКат” компаниясына өткөрүп берүү милдеттендирилди.

“ЭлКат” компаниясынан жарлыктын мазмуну жана ага жараша аткарыла турган иштер тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

“Жакшы, анда бошогондо чалып коём сизге. Бир-эки сааттын ичинде байланышалы”, - деп сөз берген компаниянын башкы директору Нурадил Баясов кийинки чалууларды жоопсуз калтырды.

Башында кесипкөй позициясын билдирүүгө макул болуп жаткан Байланыш операторлорунун ассоциациясынын жетекчилиги да “ЭлКат” компаниясы менен кеп-кеңеш өткөргөндөн кийин мурунку пикиринен кайра чегинип кетти. Алар мындай чукул өзгөрүүнү бирикменин мүчөлөрүнүн ички талкуулары бүтө электиги менен түшүндүрүштү.

“ЭлКат” компаниясы февраль айында улутташтырылган болчу. Бакиевдин башкаруусунан бери талаштуу схемалар өкүм сүргөн компанияда атайын кызматтын тинтүүлөрү жана ээлерин камоолор менен коштолгон окуяларда президенттин иш башкармалыгы жаңы жетекчи дайындаган.

"ЭлКатты" мамлекетке алуу жалпы стратегиянын бир бөлүгү болчу"

Санарип өнүктүрүү министрлиги “ЭлКаттын” мамлекеттин карамагына өтүшү “өлкөдөгү телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана интернет-кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча жалпы улуттук стратегиясынын бир бөлүгү болгонун” билдирди.

“Мамлекеттик көзөмөл, албетте, байланыш кызматтарынын баасын турукташтырууга жана тарифтердин ашыкча өсүп кетишине жол бербөөгө өбөлгө болот, бул кардарларга пайдалуу. Мамлекеттин колдоосу өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүнү жана жалпы телекоммуникация чөйрөсүн жакшыртууну шарттайт”, - деп билдирди министрликтин өкүлү Назира Турдалиева.

Министрлик мамлекеттик монополиянын киргизилиши жөнөкөй колдонуучу үчүн кызматтын сапатына жана тарифине таасир кылбай турганына ишендирүүдө.

Президенттин жарлыгында дагы бир олуттуу бөлүгү бар. Анда Министрлер кабинетине “Акнет” интернет-провайдеринин 100% үлүшүн “ЭлКат” компаниясына өткөрүп берүү тапшырылган. Санарип өнүктүрүү министрлиги мындай чечим “ЭлКат” компаниясынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү максатын көздөй турганын билдирүүдө.

“Акнет” компаниясы мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун мезгилинен бери талаш-тартыштын чордонунда калып, анын түптөөчүсү Кубан Ажимудинов "таасирдүү аткаминерлердин кызыкчылыгындагы рейдерлик басып алуу" болгонун билдирип келет. Натыйжада Ажимудинов соттолуп, миллиарддаган кирешеси бар, ири шаарларда инфратүзүмдүк мүмкүнчүлүктөрү кеңири компания быйыл май айында мамлекеттин карамагына өтүп кеткен.

Монополия: "Кыргызтелеком" калып, "ЭлКат" чыкты

2024-жылдын ноябрында Министрлер кабинети “Кыргызтелекомду” Кыргызстанда эл аралык интернет-трафикти көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү улуттук оператор деп аныктаган чечиминин долбоорун даярдаган. Буга компания өзү демилгечи болуп, эл аралык интернет-транзитин көзөмөлдөө өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу үчүн зарыл экенин, анда эмне жана кандай көлөмдө берилип жатканын көрүп туруу керектигин билдирген.

Ал кезде Байланыш операторлорунун ассоциациясы кескин сын-пикирин билдирип чыккан болчу. Бирикменин жетекчиси Салават Ормошев өкмөт жаңылыш кадамдарга барып, рыноктун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизе турган жолго түшкөнүн билдирген.

“Муну негизи монополиясыз, кадимки рыноктук атаандаштык шартында эле ишке ашырса болмок. Бизде эл аралык жеткирүү менен алектенген компаниялар ансыз деле көп эмес. Токтомдун долбоору абдан күңүрт. Эл аралык транзиттин монополизациясы жөнүндө айтышат дагы, ошол эле маалда негиздеме катында өлкөгө кирген тышкы трафикти толук монополдоштуруу боюнча эл аралык тажрыйбаны жазып жатышат. Дагы бир ортомчунун пайда болушу интернет кызматынын баасынын акыркы керектөөчү үчүн андан ары кымбатташына алып келет. Бул - биринчиси. Экинчиден, телекоммуникациялык түйүндөрдүн өнүгүүсү кескин жайлап кетет. Анткени магистралдык линияларды тарткан жеке компаниялар ири каражат жумшашкан, алардын 3-5 жылга эсептелген стратегиялык пландары бар. Эми ал компаниялар ошол стратегияларын кайра карап чыгышы керек болот”.

Интернетти монополдоштуруу цензураны күчөтөбү?

Ал долбоор бир кыйла жымсалданган таризде сунушталган болсо эми мүдөөсү ачык, масштабы жогору болуп кайра келди. Аткаруучулар да алмашып, “Кыргызтелекомдун” ордуна Иш башкармалыкка байланыштуу “ЭлКат” компаниясы алдыга чыкты. Бул жолу Ассоциация президент Жапаровдун жаңы буйругу боюнча позициясын жарыялай элек.

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын жетекчиси Салават Ормошев президенттик жарлыктын маалыматтык коопсуздуктагы күңгөй-тескейи жана өлкөдөгү интернет-рынокко тийгизе турган таасири тууралуу көз карашын билдирүүдөн жымсал баш тартканы менен былтыртан бери чыккан эки чечимдин айырмасын үстүртөн түшүндүрүп берди. Ал былтыркы “Кыргызтелекомго” тийиштүү чечим менен учурдагы “ЭлКат” боюнча жарлыктын айырмасы чоң экенин айтты:

“Ал долбоор болчу. Биз ал долбоор боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды айтканбыз. Бул жарлык кол коюлуп, ачыкка чыккандан кийин билинип жатпайбы. Мурунку долбоор транзитке гана болчу. Ал транзит боюнча эле, мисалы Кыргызстанга кирип, маселен, Өзбекстанга чыгаруу боюнча монополия болчу. Ал ошол долбоор бойдон калган, ишке ашпай калды. Бул болсо тышкы трафикти да толугу менен камтып жатпайбы. Мисалы, бизге интернет Казакстандан келет да. Бул жарлыкта ошол Казакстандан келген интернеттин бардыгын тең “ЭлКат” компаниясы алып-сатуучу болот”.

Талдоочулар мындай мамлекеттик монополия түзүлгөн шартта кандай тобокелдик болушу ыктымал экенине көңүл бурушат. Биринчиден, провайдер интернеттин сапатын жакшыртууга кызыкдар болбойт. Мындан улам анын сапаты барган сайын начарлап кете берет. Экинчиден, баа өсүшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, маалыматтарды иргөөгө ыңгайлуу шарттар жаралат. Кандайдыр бир сайт, социалдык тармак же YouTube сыяктуу электрондук платформаларды бөгөттөп койсо болот. Интернеттин ылдамдыгын жайлатып же таасирдүү порталдар менен нейротүйүндөргө кирүүнү тосмолоп салса да болот. Мунун баары мамлекеттик цензуранын жайылышын билдирет.

Санарип өнүктүрүү министрлиги “Кыргызтелеком” калып, жаңы операторго артыкчылык берилгенин “ЭлКаттын” өзүнүн маалымат өткөрүүчү оптика-кабелдик түйүндөрү бар интернет-провайдер, эл аралык магистралдык байланыш оператору жана телекоммуникациялык тармак үчүн бизнес-чечимдердин алдыңкы өндүрүүчүсү экендиги менен түшүндүүүдө.

“ЭлКат” 1994-жылы түптөлгөн, Кыргызстандагы ири интернет провайдерлердин бири. Казакстан менен Кытайдан интернет алып келип, өз кардарларына сатат. Ал сырттан интернет алып келүү, өлкө ичинде жергиликтүү операторлорго, кардарларга жеткирип берүү жана инфратүзүмдүк мүмкүнчүлүктөрү боюнча “Кыргызтелеком” менен теңтайлашкан компания.

Шерине

XS
SM
MD
LG