Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

"Хочу жить": Жыл башынан бери 902 өзбекстандык Украинага согушка кеткен


Украинадагы "атайын аскердик операцияга" катышууга азгырган көрнөк, Москва, 2022-жыл
Украинадагы "атайын аскердик операцияга" катышууга азгырган көрнөк, Москва, 2022-жыл

Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоору жыл башынан бери Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн кеминде 902 өзбекстандыкты аныктады. Бул тууралуу согуш туткундарынын маселеси менен алектенген долбоордун Координациялык штабы билдирди. 30-июлда жарыяланган тизмеде Москва согушка жалдаган өзбекстандыктардын аты-жөнү берилген. Алардын эң улуусу 63 жашта болсо, эң кичүүсү 18де.

"Орусия согушка азгырууда мурунку эле ыкмаларын колдонууда. Эмгек миграциясына келген өзбек жарандарын орус армиясынын бөлүктөрүндөгү көп акча алган жерлерде иштейсиңер деп азгырышат. Дагы бир эң кызыктарган нерсе – орус жарандыгын берүү. Ал эми түрмөлөрдө отургандарды коркутуу жана психологиялык басым менен согушка барууга мажбурлайт", - деп айтылат.

"Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин жакында эле 5 миң рейд жүргүзүлүп, 90 миңдей киши "кылтакка илингенин" айтып мактанган. Алардын 30 миңи келишим түзүп, согушка жөнөтүлгөнүн билдирген. Бастрыкиндин "кылтакка илинди" деген сөзү Борбор Азиядан барган мигранттарга болгон мамилени көрсөтөт" - деп украин долбоору белгилейт.

"Хочу жить" апрелде чыгарган тизмеде 1110 өзбекстандык Украинада согушуп жүргөн орус аскерлеринин катарында экени билинген.

Мындан соң Ташкент чет жакта согушка аралашкан өз жарандарын текшерип жатканын жарыялап, жалданып кеткендерге каршы кылмыш жоопкерчилигин күчөткөн.

Өткөн аптада украиналык долбоор Казакстандын 500дөн ашуун жараны жыл башынан бери орус армиясы менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Жазындагы тизмеге 661 казакстандыктын аты-жөнү кирген эле.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан он миңдеген киши Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрөт. Киев майданда орус армиясы аларды эң алдыга салып коёрун белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG