Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди. Киевге жасалган соккудан набыт болгондор сегизге жетти, 80ден ашыгы жараат алды. Ош мэриясы "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адамга жаңы муниципалдык базардан орун берилгенин айтты.
Санкт-Петербург облустук бийлигинин жаңы токтомуна ылайык, мигранттарга такси жана жеткирүү кызматтарында иштөөгө тыюу салынды. Чечим күчүнө кире электе эле бул тажрыйбаны бүткүл Орусияга киргизүү сунушталууда.
Ошто "Келечек" базарынын соодагерлери нааразылык билдирип чогулду. Алар менен жолуккан шаар мэри эртеңден баштап соода жайы көчүрүлөрүн эскертти. Тажикстанда атасы байлап алып, машинасына сүйрөткөн өспүрүм каза болду.
Британия Израил Газада ок атууну токтотпосо сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын эскертти. Бир нече күн мурун Париж ушундай эле кадамга барарын билдирген. Мындай чаралар Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу маалыматтар көбөйгөн маалда көрүлүп жатат.
Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди.
Украинанын Запорожье облусунда 29-июлда орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, дагы 43 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Бишкектеги ботаникалык бакта дарактар эмнеге куурап жатат? Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Биринчи май райондук соту Ташовду 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кескен эле.
«Вильнюста орус тили өтө көп жаңырып турат». Ушундай пост менен Литвадагы таасирдүү журналисттердин бири, коомдук телеканалдын алып баруучусу Эдмундас Якилайтис бөлүштү. Бул кошуна Латвиядагыдай болуп орус тилин коомдук жайларда чектөө чаралары көрүлүшү керекпи деген талкууга жем таштады.
Франция жакын арада Палестин мамлекетин тааный турганын жарыялады. Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берилди.
Франция жакын арада палестин мамлекетин тааныганы жатат. Палестин автономиясы бул чечимди кубаттаса, Израил жана АКШ Парижди катуу сындады. Ал арада Газа тилкесинде гуманитардык кризис тереңдеп, ачкадан чарчап калган балдардын саны көбөйүп жатканы кабарланып келатат.
Дагы жүктөңүз