Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан набыт болгондор 13кө жетти

Киевде куткаруучулар көп кабат үйдөн тургундарды алып чыгууда, 31-июль, 2025-жыл

Орус армиясынын 31-июлга караган түнү Киев шаарына жасаган чабуулунан 13 киши набыт болду, арысында бир бала бар. 120дан ашуун адам жабыркады, ондогон тургун ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

1-августта Киевде аза күтүү күнү жарыяланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялады жана алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар", - деп жазды.

Мунун алдында Киев бейшембиге оогон түнү дрондор менен дагы аткыланганы кабарланган. Украинанын көпчүлүк аймактарында түндө айгай салынып, тургундарга эскертүү берилди.

Ага чейин абадан коргоо күчтөрү көп сандаган "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул жасалганы жатканын маалымдаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев шаары бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген жок.

Дагы караңыз

Тажикстанда атасы машинасына сүйрөткөн өспүрүм мерт болду Стармер Израил Газада ок атууну токтотпосо Британия палестин мамлекетин таанырын айттыТрамп Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берди Батыштын 15 өлкөсү палестин мамлекетин таанууга үндөдү Ош: Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шек саналган күйөөсүнүн соту башталдыКамчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду, Жапония менен Гавайиде цунами тууралуу эскертүү берилди Талас: кыргыз-казак чек арасына жакын аймактагы өрттү өчүрүү уланууда Өкмөт Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион сом бөлдүОштун мэри Токторбаев "Келечек" базарын көчүрүүгө каршы соодагерлер менен жолукту Садыр Жапаров Чолпон-Атада тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуктуОктябрь райондук соттун судьясына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган деген айып тагылдыКыргызстанда былтыр мурдагы жылга караганда өлүм 2,3% көп катталды