Орус армиясынын Киев шаарына 31-августка караган түндө жасаган чабуулунан бир адам мерт болуп, дагы 43 киши жараат алды. Алардын теңи ооруканага жаткырылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялады жана алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар",-деп жазды.
Мунун алдында Киев бейшембиге оогон түнү дрондор менен дагы аткыланганы кабарланган. Украинанын көпчүлүк аймактарында түндө айгай салынып, тургундарга эскертүү берилди.
Ага чейин Абадан коргоо күчтөрү көп сандаган "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул жасалганы жатканын маалымдаган.
Орусия Киевге жасалган чабуул тууралуу комментарий берген жок.
Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Орусияга Украина менен согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт чегерди.
Ал Шотландиядан АКШга учканы жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул убакыт шейшембиде, 29-июлдан тартып башталарын билдирди.
Трамп Орусиядан буга чейинки сунуштарына жооп албаганын белгилеп, Москва менен сүйлөшүүлөргө барууга мындан ары кызыкдар эместигин белгиледи.
Ал дүйшөмбүдө орус президенти Владимир Путинден көңүлү калганын айтып, буга чейин аларга Украина менен жарашууга берилген 50 күндүк мөөнөттү кыскартарын маалымдаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анда Трамптын мөөнөттү кыскартуу тууралуу билдирүүлөрүн Орусия "эске алганын" айткан.
"Биз Трамптын билдирүүлөрүн эске алдык. Атайын операция уланып жатат, биз Украинанын айланасындагы жаңжалдын тынчтык жолу менен чечилишин, анын жүрүшүндө биздин кызыкчылыктарыбыздын камсыздалышын жактайбыз",-деген Песков.
АКШнын президенти 14-июлда Москвага 50 күн чектеп, эгер бул маалда Кремл кепке-сөзгө келбесе Вашингтон Орусияга жана андан энергетикалык ресурстарды алган өлкөлөргө бажы тарифтерин 100% көтөрөрүн жарыялаган. Ошондой эле Трамп Украинага курал-жарак берүүгө даярдыгын билдирген.
Мындан көп өтпөй Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Москванын Киевге койгон талаптарын кайталаган. Кремл Украинага НАТОго кирүүдөн, Орусия оккупациялап алган өз аймактарынан баш тартуу талабын койсо, Киев аны кескин четке каккан.
Орусиянын Украинанын Запорожье облусуна жасаган соккусунан түзөтүү абагында отурган 16 адам мерт болуп, дагы 35 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзүнө караганда орус аскерлери 29-июлга караган түнү бул аймакты фугас авиабомбалары менен бир нече жолу аткылаган.
Федоров Телеграм каналына мекемелердин имараттары, жер тамдар жабыркаганын жазды.
Президенттин кеңсесинин башчысы Адрей Ермак бул окуяны "Орусиянын кезектеги аскердик кылмышы" деп атады.
Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Украинанын 74 дрону атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Негизинен Брянск, Калуга, Смоленск жана Ростов облустары бутага алынганын кабарлады.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слесардын билдиришинче, Сальск шаарында бир айдоочу набыт болду, темир жол станциясында өрт чыкты.
Бул станцияда кыймыл убактылуу токтотулду. Маалыматтарга караганда, жүк ташыган поезд өрттөнүп, жүргүнчү ташыган поезддин терезелери сынды.
Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Жекшембиде Орусиянын Ленинград облусуна ондогон украин дрондору чабуул коюп, атып түшүрүлгөн дрон калдыгынан бир аял жараат алганын облус губернатору Александр Дрозденко билдирди.
Ленинград облусу мындай аба чабуулуна кабыла элек болчу. 27-июлда Орусияда Аскердик деңиз флотунун күнү белгиленүүдө. Адатта бул күнү Петербургда Нева дарыясында чоң аскердик парад өтчү, 2017-жылдан бери биринчи жолу быйыл коопсуздукка байланыштуу уюштурулган жок.
Волгоград облусунда дрон чабуулунан темир жолдогу электр камсыздоо түйүнү бузулуп, шаар аралык эки каттам кармалды, жергиликтүү поезд каттамы жокко чыгарылды. Бул тууралуу облус губернатору Андрей Бочаров билдирди. Мунай базасы жайгашкан Жутоводо дрон электрстанциясына чабуул койгонун украин Телеграм-каналдары жазды.
Волгоград аэропортунда жекшембиге караган түнү чектөөлөр кирип, эртең менен алынды. Нижний Новгород, Псков, Калуга жана Петербургдун аэропортторунун иши да үзгүлтүккө учурады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-июлга караган түнү өлкө аймагынан жалпы 99 дрон атып түшүрүлдү.