Украиналык "Хочу жить" долбоору быйыл жыл башынан бери кеминде 529 казак жараны Украинага каршы согушка баруу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн билдирди. Ошондой эле алардын аты-жөнүн, туулган күнү-жылын жана жетондорунун номеринен өйдө жарыялады. Ага ылайык, келишим түзгөндөрдүн эң улуусу 60, кичүүсү 18 жашта.
Ушул жылдан тартып Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштаганы белгилүү болгон.
"Хочу жить" долбоору май-июнь айларында Орусия тарапта согушуу үчүн жалданган борборазиялыктардын аты-жөнүн аныктаган. Ага ылайык, Өзбекстандын 1110, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Түркмөнстандын 170 жараны майданга кеткен.
Бардыгы болуп бери дегенде 3232 борборазиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган. "Хочу жить" долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.
Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Орус армиясынын Украинага 27-июлга караган түнү жасаган чабуулунда эки адам мерт болуп, бери дегенде 16сы жараат алды.
Донецк облустук администрациясы Донбасстын эки тургуну набыт болуп, дагы үчөө жарадар болгонун билдирди.
Херсонго дрондон жасалган соккудан тогуз адам, анын ичинде бир бала жараат алды.
Днепропетровск облустук администрациянын маалыматына караганда, аймактагы эки район бутага алынып, төрт адам жараат алды.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Украинанын жүздөй дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Алардын басымдуу бөлүгү Брянск, Смоленск, Калуга, Волгоград жана Ростов облустарын үстүнөн жок кылынган.
Волгоград облусунда чабуулдун айынан темир жол түйүнү үзгүлтүккө учураганы кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Днепропетровск облусундагы Малиевка кыштагын ээлеп алганын билдирди.
Буга чейин аталган аймактагы Дачное айылына дагы орус аскерлери кирип барганын маалымдаган. Украина бул айыл Орусиянын карамагына өткөнүн расмий жокко чыгарган.
Орус армиясы Малиевканы көзөмөлдөп жатканы бейтарап булактардан тактала элек. Бирок орусиячыл блогерлер бул тууралуу ишенимдүү жазып жатышат.
Донецк облусуна жакын жайгашкан бул кыштакта согушка чейин 163 адам жашаган.
Украина Малиевкага байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Днепропетровск облусу Донецкиден айырмаланып аннексияланган эмес. Бирок Орусияснын армиясы соңку апталарда бул аймакка тынымсыз сокку урууда. Киев Днепропетровскиде Орусиянын диверсиялык-чалгын топтору бар экенин билдирген.
Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 120 343 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты. Ага ылайык, набыт болгондордун 27% келишим түзүп, согушка өз эрки менен баргандар.
Журналисттер өлгөндөрдүн 53% согушка чейин орус армиясы менен байланышы болбогонун аныкташкан. Алардын арасында өз ыктыяры менен баргандардан сырткары абактардан тартылгандар, мобилизация болгондор да бар.
Иликтөөнүн авторлору алардын колунда такталып жаткан дагы миңдеген билдирүү бар экенин маалымдап келишкен. Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт. Ошондой эле согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.
Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.
Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан мындан кеминде эки эсе көп экенин белгилешет.
Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эсебинде, Орусия согуш башталгандан бери миллион кишисинен айрылды. Анын 250 миңи өлтүрүлгөн. Украинанын жалпы жоготуулары 400 миң аскер деп эсептелет.
Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.