Киевге жасалган соккудан 20дан ашуун киши набыт болду, арасында бир бала бардыгы кабарланды. Чабуулда 160тай адам жараат алды. Орусия Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев бутага алынганы тууралуу комментарий берген жок.
Британияда атайын кызматтын жашыруун маалыматы ачыкка чыгып кеткени миңдеген оогандыктын өмүрү коркунучка кептелди.
Британия Израил Газада ок атууну токтотпосо сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын эскертти. Бир нече күн мурун Париж ушундай эле кадамга барарын билдирген. Мындай чаралар Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу маалыматтар көбөйгөн маалда көрүлүп жатат.
Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди.
Украинанын Запорожье облусунда 29-июлда орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, дагы 43 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Украинада кытайлык эки кишинин тыңчылыкка айыпталып кармалышы Киевдин Бээжинге карата позициясы өзгөргөнүнөн кабар берет. Кытайдын Орусиянын согушун колдогонун көз жаздымда калтыруу барган сайын кыйын болгондой.
Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында айрым мамлекеттердин, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын кысымына кабылган Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган.
Орусиянын тиешелүү органдары көп жыл бою YouTube видеоплатформасына дыкат байкоо салып келет. Хостинг көптөгөн орусиялыктар үчүн бейтарап маалымат алууга өбөлгө болуп келген. Соңку учурда блогерлер жана таасирдүү адамдар бул сайтты киреше табуунун булагына айландырган.
Как выглядел Узбекистан 100 лет назад? Ответ на этот вопрос лучше всего знал Макс Пенсон, фотограф, чьи снимки стали хроникой советской эпохи в Центральной Азии
Азербайжанды Нахичеван эксклавы менен байланыштырган маанилүү Зангезур коридорун АКШнын башкаруусуна берүү сунушу Түштүк Кавказдагы жаракаларды тереңдетип, Иранды бейпайга салды. Картага регионалдык байланыш жолдору гана эмес, Ирандын түндүгүндөгү чек арадагы геосаясий түзүлүш коюлуп жатат.
Казакстанда эркин журналисттер мурда коркутууларга, кысым көргөзүүнүн башка түрлөрүнө кабылып келсе, эми санариптик куугунтук көрүнүшү пайда болгонун талдоочулар белгилешет.
Дагы жүктөңүз