Киевге жасалган соккудан набыт болгондор сегизге жетти, 80ден ашыгы жараат алды

Орус армиясынын Киев шаарына жасаган соңку чабуулунда бери дегенде сегиз адам набыт болуп, дагы 80ден ашыгы жараат алды.

Шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко Святошино районунда кыйраган көп кабаттуу үйдө алты, башка райондорго жасалган соккудан дагы эки киши мерт болгонун билдирди.

Буга чейин тогуз кабаттуу үйгө ракета тийгени, анын бир подъезди талкаланганы маалымдалган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кыйраган үй тартылган видеону жарыялаган жана алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар",-деп жазган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев шаары бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген жок.

Бейшембиге оогон түнү Украинанын көпчүлүк аймактарында түндө айгай салынып, тургундарга эскертүү берилди.

Дагы караңыз

Таласта катуу мөндүрдөн 100дөн ашык дыйкан чыгаша болду, зыян 55 миллион сом деп эсептелди Ош мэриясы "Келечек" базарындагы 150дөн ашык соодагер жаңы орун алганын билдирди Канада Палестин мамлекетин тааный турганын сентябрда БУУнун жыйынында жарыялайт Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет