Талас: кыргыз-казак чек арасына жакын аймактагы өрттү өчүрүү уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ( ӨКМ) Талас облусунда кыргыз-казак чек арасына жакын аймакта чыккан өрттү өчүрүү уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, өрт казак тарапта тутанган, бирок Кыргызстандын Кара-Арча коругуна чейин жайылып кетүү коркунучу бар.

"Учурда Кыргызстандын аймагында өрттүн очогу жок. Бирок Казакстандын аймагында эки жерде өрттүн очогу бар жана тилсиз жоонун Кыргызстандын Кара-Арча коругуна өтүп кетүү коркунучу жаралууда. Мындан улам Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, өрттү чогуу өчүрүү чечими кабыл алынган",-деп жазылган маалыматта.

Учурда Кыргызстан тараптан өрттү өчүрүүгө жалпы 130дан ашык адам, өрт өчүрүүчү эки машина тартылды.

Аймакта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов баштаган топ жүрөт, атайын штаб уюштурулду.

Чек ара аймагындагы өрт 29-июлда тутанган жана анын себеби тууралуу маалымат бериле элек.

Дагы караңыз

Өкмөт Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион сом бөлдүОштун мэри Токторбаев "Келечек" базарын көчүрүүгө каршы соодагерлер менен жолукту Стармер Израил Газада ок атууну токтотпосо Британия палестин мамлекетин таанырын айттыТажикстанда атасы машинасына сүйрөткөн өспүрүм мерт болду Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болду, Жапония менен Гавайиде цунами тууралуу эскертүү берилди Садыр Жапаров Чолпон-Атада тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуктуОктябрь райондук соттун судьясына сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган деген айып тагылдыБылтыр рак оорусу 6,5 миңден ашык адамдан аныкталган, бул мурдагы жылга караганда 8,9% көп Трамп Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берди Кыргызстанда былтыр мурдагы жылга караганда өлүм 2,3% көп катталды