Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37
Омск. Согушта өлгөн аскерлердин зыйнаты
Омск. Согушта өлгөн аскерлердин зыйнаты

Украина: Орусиянын согуштагы жоготуулары 121 507ге жетти

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:24

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен өткөрүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдү "жалпысынан оң баалай турганын" билдирди. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шарты тууралуу эч нерсе айткан жок.

1-августта Валаам аралында Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен жолугушуу учурунда ал орус аскерлеринин Киевге жасаган кезектеги кандуу соккусу тууралуу да эч нерсе деген жок.

Стамбулда бир нече жолу уюштурулган украин-орус делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу Путин:

"Жүздөгөн адамдын мекенине кайтканын оң баалабай коюу мүмкүн эмес. Гуманитардык ниет менен биз каза болгон миңдеген украин аскеринин сөөгүн өткөрүп бердик, бир нече ондогон өзүбүздүкүлөрдү кайтарып алдык", - деди.

Путин сүйлөшүүлөрдөн көңүл калуу "ашкере үмүттөнүп алган" учурда жараларын айтты.

Украин президенти Орусияга "улам бир билдирүү жасоодон, техникалык деңгээлдеги жолугушуулардан эми лидерлердин сүйлөшүүсүнө өтүүнү" сунуштап, муну АКШ сунуш кылганын, Украина даяр экенин, эми Орусиянын даярдыгы зарыл болуп жатканын 1-августта Telegram каналына жазды.

28-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Путинден "аябай көңүлү калганын" айтып, Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жөндөп баштоого эки апта мурда берген 50 күндүк мөөнөтүн кыскартып, 10-12 күн деген шарт коюп жатканын жарыялаган.

Кремль Трамптын бул айтканы "эске алынарын" гана билдирип, башка комментарий берген эмес.

31-июлга караган түнү украин борбор калаасы Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылып, кеминде 31 тургунунан ажыраган, жараат алгандар 159га жеткени, набыт болгондор арасында өспүрүмдөр жана наристелер, ымыркайлар бар экени кабарланган.

Орусия коңшусу Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери согуш токтой элек. Трамп президенттик шайлоо өнөктүгү маалында бул согушту дароо токтото аларын убада кылган. Ал Орусияга "Украинаны мыкты куралдантам" деп, ал эми Украинага "Курал бербей коем" деген шарт коёрун, ошондо эки тарап тең тынчып каларын айткан.

11:23

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин билдирүүсүнөн улам "тийиштүү аймактарга" суу астында сүзүүчү атомдук кайыктардан экөөнү жайгаштыруу буйругун берип, "ар бир сөздүн маңызы өтө маанилүү" экенин белгиледи жана көпчүлүк учурда сөз "күтүлбөгөн кесепеттерге алып келерин" кошумчалады.

1-августта Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Медведев "өтө чагымчыл билдирүү жасаганын", анын "ээн ооз жана тукурган сөздөрү", балким, негиздүү болуп калса деген кооптонуу менен суу алдында жүрүүчү атомдук эки кайыкты жайгаштыруу буйругун бергенин жазды.

"Свобода" радиосу жазгандай, кемелер "Орусия менен согуш ыктымалдыгына байланыштуу ракета учурула турган зонага" жөнөтүлүшү мүмкүн.

Өз билдирүүсүндө Трамп жагдай күтүлбөгөн кесепеттерге чейин барбайт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

28-июлда Медведев Х социалдык түйүнү аркылуу Трампка кайрылып, анын Орусияга коюп жаткан шарттары "согушка карай жасалган кадам" болуп калышы мүмкүн экенин жазган жана мурдагы президент Жо Байдендин жолуна түшпөөгө чакырган. Москва, белгилүү болгондой, Байденди АКШнын Орусия менен мамилеси начарлап кетишине айыптап келет.

31-июлда Трамп Орусиянын жана орус мунайынын ири импортеру Индиянын экономикасын "өлүк" деп мүнөздөп, Медведевди "Орусиянын жолу болбогон мурдагы президенти, өзүн дагы эле президентмин деп ойлоп жүрөт" деп атаган жана ал "өтө кооптуу чектен өтө баштаганын" эскерткен.

Медведев ошол эле күнү өзүнүн Telegram каналына Орусия туура жолдо баратканын жана ошол багытын уланта берерин жазган.

Медведев буга чейинки билдирүүлөрүнүн биринде Иранга ядролук курал берүүгө даяр өлкөлөр бар экенин да айткан.

Трамп америкалык суу алдындагы атомдук кемелерди мактап, аларды "эң мыкты жана кубаттуу", сапаты жагынан "башкалардан 20 жыл алдыдагы" кыйратуучу курал деп атаган.

Медведев Иранга ядролук курал берчүлөр бар экенин айтканда сөз Орусия тууралуу болбогонун билдирген.

Трамп кызматка киришкенден тартып Орусия Украинага каршы ачкан согушту токтотуу аракетин көрүүдө, андан азырынча майнап чыга элек. 29-июлда ал Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берген.

11:22

2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери Москванын тастыкталган жоготуулары 121 507 адамга жетти. Согушта набыт болгондордун аты-жөндөрү "Медиазона", Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар тарабынан ачык булактарга таянып такталган.

"Медиазонанын" эсептөөлөрүнө ылайык, өлгөндөрдүн саны болжол менен 165 000 адам болушу мүмкүн.

Ачык булактарда бардык каза болгондор тууралуу маалымат камтылбайт, ал эми жаңы түшкөн маалыматтарды ыктыярчылар жана журналисттер толук тактай элек болушу мүмкүн. Бул орус армиясынын согуштагы чыныгы жоготуулары мындан алда канча көп болушу ыктымал экенин билдирет.

Москва менен Киев майданда набыт болгон аскерлеринин санын ачык жарыялабайт. Ушуга окшош украин долбоору украин армиясынын жоготууларын 145 800 киши деп эсептейт.

17:32 1.8.2025

Киев шаарында Орусиянын 31-июлга караган түндөгү чабуулунан бир капшыты кыйраган көп кабаттуу үйдөгү куткаруу, урандыларды тазалоо иштери аяктады.

Жума күнгө караган түндөн бери уранды астынан дагы 15 адамдын сөөгү табылып, набыт болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Алардын бешөө балдар жана эң кичинеси эки жашта болгон. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Орусиянын Киевге жасаган соккусу Москвага басымды, санкцияларды күчөтүү керектигин көрсөтөрүн билдирди.

"Кремл мындай чаралардын натыйжалуулугун канчалык жокко чыгарбасын, андай чаралар таасирин берип жатат жана ал улантылышы керек",-деп билдирди Зеленский.

Бул чабуулда 160тай адам жараат алган. Киевде 1-августта аза күтүү күнү жарыяланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиге оогон түнү ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирген.

Бирок Киев шаарында турак жайлар бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG