Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Глобалдык авиацияны өзгөрткөн куралдуу жаңжалдар


Дүйнөнүн улам бир жеринде тутанган согуштар менен куралдуу жаңжалдар авиаташуулардын картасын да бир топ өзгөрттү. Жер шарынын кээ бир региондорунда учактар сейрек кездешип калды.

Пилоттор бир кездери континенттерди туташтырган маршруттар менен түз учуп жүргөн болсо, эми асман айнектин сыныктарына окшоп калды. Учактар кууш коридорлордон учууга аргасыз болуп, ошол эле маалда аба мейкиндигинин ири бөлүктөрү ээн калып же дрон, ракеталарга толуп калган.

Согуштар, аймактык куралдуу жаңжалдар, аскердик тирешүүлөр акыркы мезгилде асманды кансыз согуштан бери кооптуу жерге айландырды. Орусиядан Жакынкы Чыгышка чейин, бүтүндөй Африкада жарандык авиация үчүн кооптуу тилкелер көбөйдү. Бул, өз кезегинде, дүйнөлүк алкактагы бул тармакты кризиске кептеп, экономиканы, коопсуздукту өзгөрттү, экологиялык маселелерди пайда кылды.

Орусиянын аба мейкиндигиндеги башаламандык көнүмүшкө айланды

IT-системасы кибер чабуулга туш болгон «Аэрофлоттун» 28-29-июль күндөрү бир нече каттамы үзгүлтүккө учурады.

Украиначыл хакердик эки топ ал окуя үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алды. Алардын айтымында, авиакомпаниянын корпоративдик түйүнүн бутага алып, ички коммуникацияларга кирип туруп миңдеген серверди жок кылышкан. Мындай билдирүүнү кийинчерээк Орусиянын Башкы прокуратурасы бышыктады жана кылмыш иш козгоду.

5-6-июль күндөрү Орусиянын аэропортторунда 2 миңден көп авиакаттам кечигип же таптакыр аткарылбай калган. Украиналык дрондордун жапырт чабуулдарынан улам өлкөнүн аба мейкиндигинин айрым бөлүктөрү жабылган.

Ошондо Татьяна аттуу жүргүнчү Шереметьево аэропортундагы абалды “апаат” деп сыпаттаган. Күтүү залдары элге жыш толуп, айрымдары жерде жатууга аргасыз болгон, таза суу өңдүү эң зарыл нерселерсиз отуруп калышкан.

Санкт-Петербург шаарында такси айдоочулары Москвага жеткирүү үчүн 80 миң рублга чейин (бир миң АКШ доллары) сурап жатышты. Пулково аэропорту жабылары менен поезддин билеттери бүт сатылып кеткен. 6-июлда Шереметьеводо 15 миңден ашуун жүргүнчү уча албай орто жолдо калса, Калуга, Тамбов жана Псков шаарларындагы аэропорттор ишин убактылуу токтоткон.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү ал түнү 120 чакты пилотсуз учакты, бир нечесин Москвага жакын жерде атып түшүрүшкөнүн билдиришкен. Бийлик азыр көнүмүшкө айланган аба мейкиндигин жабууну “сырттан кийлигишүү” менен түшүндүрүшкөн. 2022-жылы Украинага басып киргенден бери Орусияда 600 жолу аэропорттор убактылуу жабылып-ачылган.

Асманда ара жолдо калгандар

Аэропорттон уча албай калуу, албетте, адамды оор кырдаалга кептейт. Бирок асманда ошондой абалда калууну элестетсеңер. Быйыл июнда Иран АКШнын Катардагы Эл-Удейд базасына ракета атып, кошуна өлкөлөр аба мейкиндиктерин чукул жапканда Пертадан Парижге бет алган Qantas компаниясынын учагы Австралияга эч жерге конбой кайтып баргыча асманда 15 саат өткөргөн. Дагы бир учак маршрутун өзгөртүп, Сингапурга жөнөөгө мажбур болгон.

Майда Индия-Пакистан жаңжалы тутанганда негизги аба коридорлору жабылып, Европа менен Түштүк-Чыгыш Азия ортосунда каттаган учактарга узун жана кымбат маршруттарды тандоого туура келген. Каттамдардын убактысы 10 саатка чейин узарып, керосин куйдуруп алуу үчүн учактар бейтааныш аэропортторго конгон учурлар кадыресе көрүнүш болуп калган.

Flightradar24 сайтынын маалыматына караганда, пилоттор эми учактар жыш толгон, эки тарабында учуу үчүн кооптуу болгон тар коридорлор менен жүрүүгө аргасыз. Мындай абалда кырсыктардын ыктымалдыгы жогорулайт, диспетчерлердин иши да кыйындайт.

Кызыл деңиз, Ливия, Судан жана Сирия, Африканын түштүгүндөгү кээ бир аймактардын үстүнөн өткөн каттамдар коопсуздуктан улам маршруттарын өзгөртөт. Түрдүү жаңжалдар өкүм сүргөн мейкиндикте аба кыймылы көп учурда үзүл-кесил же таптакыр башкарылбайт. Пилоттор андай шартта эски же альтернативалуу байланыш каналдарын пайдаланып, айрым тилкелерди кыйгап өтүүнү асмандан координациялоого аргасыз болот.

Экологиялык жана экономикалык кесепеттер

Аба маршруттарындагы өзгөрүүлөр экологиялык маселелерге да алып келет. Британиядагы Рединг университетинин жана Франциядагы Пьер-Симон Лаплас атындагы институттун жакында жарыялаган изилдөөсү көрсөткөндөй, Орусиянын аба мейкиндигин айланып өтүү бир жылда 8,2 миллион тонна көмүр кычкыл газынын айлана-чөйрөгө жайылышына алып келди.

Дублин шаардык университетинин авиация боюнча адиси Виктория Иванникова былтыр жүргүзгөн изилдөө Европа менен Азия ортосундагы каттамдардын өзгөрүшү менен авиакомпаниялар күйүүчү май үчүн 39 процентке көбүрөөк каражат жумшашат деген тыянакка келген. Мындан тышкары көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүп чыгышы 40% жогорулаган.

Аба согушунда жеңгендер жана жеңилгендер

Жүк ташыган кытайлык авиакомпаниялар Орусиянын аба мейкиндигиндеги боштуктан пайдалангандардын бири. Алардын Европадан Азияга болгон маршруттары ыкчамыраак жана жеткиликтүү болгондуктан Батыштагы атаандаштарды сүрүп чыгарды.

British Airways, мисалы, Лондон-Бээжин каттамдарын жойду, өткөн жайда чоң чыгымга учурагандыктан Лондон-Гонконг каттамдарынын бирин токтотуп койгон.

Финляндиянын Finnair компаниясы Европа менен Азияны байланыштыруудагы артыкчылыгынан кол жууп калды. Мурда Хелсинкиден Шанхайга Juneyao Airlines кытайлык авиакомпаниясы менен 9 саатта жетишсе, Finnair менен жол жүрүү 12 саат болуп калган же андан ашат.

Жадагалса АКШда да көйгөйлөр сезилүүдө. Алсак, United Airlines Делиден Ньюаркка мурда 13 саат учса, орус аба мейкиндиги жабылганы Европа жана Жакынкы Чыгыш аркылуу 15 саат учуп калды. Ошентсе да жаңы шарттарга ыңгайлашуу авиация тармагынын туруктуулугунан кабар берет.

Пакистан Кашмирдеги теракттан кийин кыска мөөнөткө аба мейкиндигин чектегенде Air India андан пайда таап, бирок кийин таасир этүү механизмдеринен ажырап калды.

Асмандагы ракеталар

Куралдуу кармаштар жүрүп жаткан аймактардагы аба мейкиндикте жарандык маршруттар согуштук аракеттер менен түздөн-түз аралашып калды. Февралда Кытай Тасман деңизинде алдын ала жарыяланбаган аскердик машыгуу өткөргөн. Ошондо Virgin Australia компаниясынын пилоту колдонулбаган радио жыштыкта капысынан сигнал алганда коммерциялык учакка маршрутун өзгөртүүгө туура келген.

Өткөн жылдын декабрында Түндүк Кавказда орусиялык абадан коргонуу системасы Азербайжандын AZAL компаниясынын учагын атып алып, лайнер Казакстандын Актау шаарынын жанына кулаган. Кырсыктан борттогу 67 кишинин 38и каза болгон.

2020-жылы “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясынын PS752 каттамындагы учагын Иран атып түшүргөн. 2014-жылы Малайзиянын MH17 учагы украин аймагынын үстүнөн учуп баратканда орусиялык ракета тийгенде кулаган. Эки трагедия тең коммерциялык каттамдар согуштук аракеттер жүргөн жерлерде зыян тартышы мүмкүн экенин эске салат.

Авиаташуулардын глобалдык системасы мурда ылдамдык, коопсуздук, байланыш керемети катары кабыл алынып келсе, азыркы күндө геосаясий кызыкчылыктардын татаал түйүнүнө айлангандай. Аэропорттордун, аба мейкиндиктердин жабылышы, маршруттардын өзгөрүшү каттамдардын үзгүлтүккө учурашына, кошумча чыгымдарга, айлана-чөйрөгө зыян заттардын бөлүнүп чыгуусуна алып келүүдө.

Макаланын авторлору: Merhat Sharipzhan, Aleksandr Dubrovsky

Шерине

XS
SM
MD
LG