Апрелчилер Жогорку Сотко нааразы
Апрель окуясында жабыркагандар бүгүн Жогорку Соттун алдында чыгып, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча соттолгон төрт адамдын мунапыс менен боштондукка чыгышына каршы акция өткөрүштү. Жалпысынан 50дөй адам чогулуп, айрымдары тосмого чыгып кеткени болбосо акция тынч аяктады. Чогулгандардын алдына Жогорку Сот өкүлдөрү чыгып, бардык маселе мыйзам чегинде чечилип жатканын, кийинки соттук отурум 20-июлда болорун айтышты. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Чыгарылыштар
-
Август 01, 2025
Орусия: Патент менен иштеген мигранттар такси айдабайт
-
Август 01, 2025
Киев: Жапырт чабуулда 27 жерде кыйроо болду
-
Июль 31, 2025
"Келечек" базарынан соодагерлер кетпей турушат
-
Июль 31, 2025
"Келечек" базары: Мэр соодагерлер менен жолугушту
-
Июль 31, 2025
Киев: Түнкү чабуулда 30дaн ашуун киши набыт болду
-
Июль 31, 2025
Айзиректи өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди