Ош мэриясы "Келечек" базарында соода кылган 150дөн ашык адамга жаңы муниципалдык базардан орун берилгенин айтты. Ал тапта соодагерлердин айрымдары түнү менен базардан кетпей, соода жайынын көчүрүлүшүнө каршы болууда.
Кыргызстан
Оштогу "Келечек" базарынын көчүрүүгө каршы болуп жаткан соодагерлер менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту. Ал базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, соода жайы 31-июлдан тарта көчүрүлөрүн билдирди. Андагы 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалады.