"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Киевге жасалган соккудан 20дан ашуун киши набыт болду, арасында бир бала бардыгы кабарланды. Чабуулда 160тай адам жараат алды. Орусия Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев бутага алынганы тууралуу комментарий берген жок.
Британия Израил Газада ок атууну токтотпосо сентябрда палестин мамлекетин расмий тааный турганын эскертти. Бир нече күн мурун Париж ушундай эле кадамга барарын билдирген. Мындай чаралар Газа тилкеси ачарчылык коркунучуна кептелгени тууралуу маалыматтар көбөйгөн маалда көрүлүп жатат.
Запорожьеде орус аскерлеринин соккусунан түзөтүү абагында отурган 17 адам мерт кетти, 43 киши жараат алды. Трамп Путинден "көңүлү калганын" айтып, Орусияга Украина менен макулдашууга берилген 50 күндүк мөөнөт кыскартылганын билдирди.
Газа тилкесине Египет тараптан гуманитардык жардам жеткириле баштаганы кабарланууда. Анын алдында айрым мамлекеттердин, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын кысымына кабылган Израил палестин анклавынын үч жеринде тактикалык тыныгуу жарыялап, гуманитардык жардам үчүн коридор ачарын убада кылган.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израилдин тилкедеги рим-католик чиркөөсүнө урулган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израил аскрелеринин рим-католик чиркөөсүнө урган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
Украинанын Днепр шаары соңку түнү жапырт соккуга кабылганын, бир киши каза тапканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Доброполье шаарында набыт болгондордун саны үч кишиге жетти. Орусиянын расмий өкүлдөрү Белгород жана Воронеж аймактары украиналык дрондордун чабуулуна туш болгонун билдирди.
Украинадагы согушта олуттуу бурулушка кезек келдиби? Биринчи күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Муну менен катар ал "тынчтык келишимине жетишилбесе, орусиялык импортко 100 пайыздык тарифтер киргизилет" деген шарт койду.
Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешти. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
4-июлга оогон түнү орус аскерлери Украинанын шаар-кыштактарына жапырт сокку уруп, жалпысынан 550дөй пилотсуз учак жана ракета атты. Анын алдында АКШнын лидери Трамп орус президент Путин менен телефондон сүйлөшкөнү маалымдалган. Трамп бул сүйлөшүүдө "эч кандай жылыш болбогонун" билдирди.
Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү. Бакуда орусиялык 8 киши баңги зат аткезчилигине жана киберчабуулдарга айыпталып камакка алынды. Соттон тартылган видеодо алардын уруп-сабалганын көрүүгө болот. Ага чейин "Спутник-Азербайжан" агенттигинини эки кызматкери кармалган эле.
Баку менен Москва ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде эки адам кармалган.
Мыйзамсыз миграция АКШ жана Европа үчүн чоң көйгөйгө айлангандыктан, Батыш барган сайын келгиндерди Балканга жөнөтүүдө. Бирок чөлкөм мындай жүктү көтөрө алабы? Мигранттарды кабыл алуу аларга кандай пайда алып келет? Бул суроолорго Косово кызматынын кабарчысы Дорунтина Бафтиу жооп издеди.
Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин ордун баса турган кишини тандоо комитети (Эксперттер ассамблеясы) акыркы күндөрдө өз ишин ыкчамдатты. Бул тууралуу бир нече булакка таянып Рейтер агенттиги жазды. Талапкерлер арасында Хаменеинин уулу Можтаб да бар.
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун күчөттү. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Ал тапта Израилдин армиясы шаршембиге караган түнү Ирандын аскердик объектилерине жана курал-жарак заводуна сокку урду.
АКШ Израил-Иран куралдуу жаңжалына түздөн-түз кийлигишсе, анын арты кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Рейтер жана AP сөзгө тарткан эксперттер уруш америкалык базалар жайгашкан Перс булуңдагы өлкөлөргө жайылып кетиши ыктымал экенин, дүйнөлүк экономикага чоң сокку уруларын болжолдошот.
Президент Дональд Трамп Израилдин Иранга каршы соккуларына АКШнын катышуусун караштырып жатат. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазды.
17-июнда Израилдин армиясы Ирандын куралдуу күчтөрүнүн жаңы кол башчысы жок кылынганын билдирди. Ага чейинки командачы 13-июндагы соккудан улам каза болгон.
16-июндун кечинде Израил Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына абадан сокку урду. Бул тууралуу эл аралык медиа кабарлады. Иран менен Израил бири-бирин аткылоону токтоткон жок. Эки тарапта тең жай тургундар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар.
Дагы жүктөңүз