Айзиректи өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсү 18 жылга кесилди. Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук соту ишти эки күн эле карап, өкүм чыгарды. Киевге жасалган соккудан набыт болгондор сегизге жетти, 80ден ашыгы жараат алды. Орусия Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирди, бирок Киев бутага алынганы тууралуу комментарий берген жок. Ош мэриясы "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адамга жаңы муниципалдык базардан орун берилгенин айтты. Ал тапта соодагерлердин айрымдары түнү менен базарда кетпей, соода жайынын көчүрүлүшүнө каршы болууда.